www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Садыр Жапаровдун биринчи расмий сапары Казакстандан баштала турган болду. Анын алкагында кандай маанилүү маселелер чечилиши мүмкүн?

- Чек ара ачылышы ыктымал. Мурунку кол коюлган келишимдин баары сакталуу, бул боюнча стратегиялык документтер башта кабыл алынган. Бирок жакшы ишке ашпай келген. Максаты Жапаровду легитимдүү катары эсептеген визит болуп баратат...

- Буга чейинки президенттерге «Кремлдин жетегинде» деген сындар көп айтылчу эле. Жапаровдун президенттик кызматында бул жаатта өзгөрүүлөр орун алышы ыктымалбы?

- Туура, Россия тарабы жаңы келген бийликти катуу сын-пикир кылган. Бирок, ага карабастан ошондо эле В.Путин жана С.Лавров тарабынан Садыр Жапаров шайлоодон кийин сөзсүз легитимдүү болуп эсептелери айтылган.

Себеби, геополитика жагынан азыр Россияга чоң коркунуч болуп жатат. КМШда өткөн шайлоолордо, Молдовада, Белорусияда антиорустук күчтөр активдүү болушууда. Молдовага АКШ колдогон антиорусиялык президент Майя Санду келди. Беларуста да шайлоодон кийин эл америкалык оппозицияны колдоп жатат. КМШдагы шайлоо процесстери Россияга карата каршы жүрүп жаткан. Америка колдогон саясий күчтөр бийликке келиши мүмкүн болгон. Ошон үчүн Путин айла жок Жапаровду колдоду.

- Болуп өткөн президенттик шайлоого эл аралык уюмдар да оң баасын айтышты. Мындай баа тышкы саясатка, башка мамлекеттер менен мамилеге да оң таасир бере алабы?

- Эми тышкы мамлекеттер жана уюмдар жаманбы-жакшыбы өз баасын беришти. Бирок, Жапаров уткандан кийин баары азыр куттуктап башташты. Ошондон улам бизге жаман таасири тийбейт. Эң башкы маселе - Жапаров айткан убадаларын аткарып баштаса, ошо менен жаңы революцияга, башка тополоңго алпарбай, тышкы саясатта да жаманатты болбой кармалабыз.

- Коңшу өлкөлөр менен соода-экономикалык мамилелерди жөнгө салууга жол ачылды деп айта аласызбы?

- Айтса болот. Эч коркунуч жок. Бизге окшош процесстер мына Беларуста дагы болуп жатат.

- Бизде өткөн шайлоого казакстандык эксперт «элден эйфория кетет, анан баары мурункудай кайталанат» деген комментарий берди. Муну жөндүү катары ойлойсузбу?

- Эми бул алардын ою, прогнозу. Буга россиялык эксперттердикин да кошсок болот. Азыр чындыгында кичине эйфория бар. Элди түшүнсө болот. Эми легитимдүү болгондон кийин Жапаров командасы менен толук ишине кирип баштаса, айткан убадасын аткарса, биздин элибиздин баары аны колдойт. Ошондо чет мамлекеттик эксперттердин ойлору да өзгөрүп баштайт. Бул жагынан эч кандай коркунуч жок.

Булак: Азия News гезити

Последние новости