www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марат Мураталиев ээлеген кызмат ордунан кетеби?

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев жакынкы арада Ош облусуна кызматка которулат деген сөз тарап кеткен. Ага жооп кылып өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү жооп кайтарды.

«Акыркы маалда, 2-3 күн болду. Мага көп тааныштарым, жергиликтүү тургундардан чалуулар келип жатат. Баары «Таластын губернаторун Ошко которот бекен?» деп суроо берип жатышат. Мындай маалымат каяктан чыкканын билбейм. «Баткенге кетет экенсиз. Жалал-Абадга кетирет экен. Ошко которот экен» деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Мен Таласта эле иштеп жатам. Эч жакка кетпейм, оюмда да жок. Кечээ күнү «Боо-Теректе чогулуп жатабыз, кетем десеңиз акцияга чыгабыз» деп чалышты. Анан бул сөздөрдү токтотуу максатында элге айтып жатам», — деди Мураталиев.

Булак: Факты.kg

Последние новости