www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернет айдыңында Күчала кошулмасы жөнүндө маалыматтар көбөйүүдө. Анын дарылык касиеттери, кыргыздын илгертен келаткан нукура салттуу, табигый азыгы катары кызыгуу өсүүдө. Адамдын организмине тийгизген пайдасы эбегейсиз зор болуп, андан тышкары эркектин дараметин арттыраары айтылат.
NazarNews маалымат агенттиги Күчаланын даярдалышы жана анын таасири тууралуу бул жаатта ишкерди кылган Муратбек уулу Азаматка бир нече суроолорду берди.
--Күчала дарысы кандай кошулмалар менен жасалат? Кандай дарылык касиеттери бар?
--Күчала дарысы адамдын ден-соолугуна өтө пайдалуу. Күчала чөбү бийик тоонун чокуларынан терилет. Анын тамырын майдалап, Токтогулдун таза балы менен кошуп даярдашат. Биз кошулманы бардык эрежелерди, нормаларды сактоо менен даярдап, колдонууга даяр түрдө сатабыз. Кошулманы жасагандан кийин күндүн нуру тийбеген, көлөкө жерде 2,5 жыл сакталган. Бул дары канчалык көпкө сакталса, ошончолук күчүнө кирет.
Ичтеги жараны, ичеги ооруларын айыктырат. Ошондой эле, эгерде адам арык болсо, бул кошулманын жардамы менен салмак кошот. Муну спорт менен машыккандар да көп алышат. Кыргызстандагы чыгаан спортчулар алып, колдонуп жүрүшөт. Бирок, алар аттарын элге ачык айтпоону суранышат. Кошулма спортчуларга ал-күч да берет, бирок анализде кызытманы көрсөтпөйт. Ошондуктан, күчаланы “Кыргыз допинги” деп да айтсак болот.
Арча-Бешик жаңы конушунда Аббас дамылда деген киши бар, кошулманы ошол киши ойлоп тапкан жана ал киши гана кынтыксыз, так жасай алат. Ал кишиге ар кандай дарттар менен кайрылгандар көп, күн сайын үйүнө келип кайрылып турушат. Ошол киши кайрылгандардын дартына даба иретинде ар түрдүү чөптөрдөн жасалган дары-дармектерди, алардын ичинде ушул кошулманы да сунуштайт.
--Эркектин дараметин арттыраары да айтылат, дарынын эркектерге таасири кандай, зыяны жокпу?
--Күчаланы кыргыз “Виаграсы” деп айтсак болот. Кошулмага эч кандай химиялык заттар кошулбайт, жалаң чөп жана бал менен жасалат. Бул эркектик жактан эле эмес, адамдын бүтүндөй муундарына пайдалуу. Зыяны – эгерде жасаганды билбеген адам туура эмес жолдор менен даярдаса, анда дарынын зыяны катуу тийиши мүмкүн. Андайда адамдын ичиндеги тарамыштарын катырып салат.
--Күчаланын башка ушуга окшогон препараттардан артыкчылыгы эмнеде?
--Башка медициналык дары-дармектерге караганда Күчала табигый дары болуп эсептелет. Ал байыртадан эле күч бере турган касиети менен колдонулуп келген. Башка дарылар убактылуу эле таасир бере алышат, андан кийин адамдар ал дарысыз тура албай калышат. А Күчала болсо акырындап таасирин тийгизет жана анын ден-соолукка тескери натыйжасы жок, таасири көпкө сакталат.
Күчаланын таасири башка химиялык дарылардай бат тийип, кайра бат эле таркап кетпейт. Мунун күчү убактылуу эмес. Кошулманы ичкенден бир жума-он күндө таасирин бере баштайт. Бел кубатты арттыруучу химиялык дарылардын таасири бат болгону менен, башка организмдерге, ден-соолукка оңбогондой зыяны тиет эмеспи. Мисалы, “Виагра” эркекке бат таасир бергени менен, убакыт өткөндөн кийин зыяны тийип, эркектин мүчөсү жарабай, импотенцияга кабылып калышы толук мүмкүн. Күчаланын эч кандай зыяны жок, эркектин дараметин арттыргандан тышкары, көптөгөн организмдерге, дарттарга шыпаасы бар. Кошулманы дайыма колдонуп жүрө берсе болот, табигый чөптөрдөн гана жасалган продукт.
Күчала бардык эрежелерди, нормаларды кылдат сактоо менен жасалган. Кошулманы эки маал – эрте менен жана кечинде бир аш кашыктан ичет.
--Силер дарыны кандай жолдор менен сатасыңар?
--Күчала аптекаларда, базарларда сатылбайт. Кошулманы элдик ыкма менен гана сатабыз. Бири-биринен угуп эле сурап келе беришет. Кийинки кездери интернеттин мүмкүнчүлүгүн колдонуудабыз. Интернетте жарыя беребиз, кардарлар өздөрү кайрылышат. Бизге интернет аркылуу саткан абдан ыңгайлуу, бат сатылат. Кайрылгандар абдан көп.
Күчала чөбү тууралуу кыска маалымат
Күчаланы илгери ата-бабаларыбыз кымызга, сүткө кошуп ичишкен. Анын адам организмине тийгизге пайдасы зор. Күчала ашказандагы жараны, ичеги ооруларын айыктырат. Арыктаган адамдар ичсе, семиртип, дарман берет, табитти ачат. Кургак учукту да сакайтууга жардам берет. Эркектердин жыныстык органына суук тийгенде простатит ооруларын айыктырат. Мырзалардын бел кубатын күчтөндүрүп, импотенциянын алдын алат. Аялдардын жыныстык органындагы эрозия, миоманы сакайтып, кисталарды да жок кылууга шарт түзөт. Инсульт болуп ооругандарга кубат берет. Спорт менен машыккандарга күч-кубат болот, протеин же допинг деп айтса да болот. Күчаланы дарыгерлер “табигый виагра” деп да айтып келет.
Аны ичүүнүн тартиби: топчу сымал күчаланы кырып, буудайдын көлөмүндө кайнаган сууга кошуп, күн сайын эрте менен ач карын ичет. Эскертүү: күчаланы өз өлчөмүндө гана колдонуу керек, дозасынан ашыкча ичсе, тарамыш тырышып калышы мүмкүн.
Күчала эркек жана ургаачы болуп 2 түргө бөлүнөт. Ургаачысы көбүнчө Жалал-Абаддагы капчыгайлардагы жыш токойлуу жерлерде өсөт. Жердин шартына жараша шагылдуу жерде өскөндөрү майда, ал эми кара топурактуу жерлерде өскөндөрү чоңураак болот. Эркеги болсо бийик кыркалуу тоолордо, бөксө, бадалсыз чөбө-тайкы, чакан бел-аңыздарда өсөт. Кыргызстанда көбүнчө Ош, Баткен облустарында кездешет.
Байланыш түйүнү: 0702 310 830
Булак: NazarNews.kg