www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Мариям Миталиповна, айтсаңыз, тарыхта эркек менен аялзатына тең эмес мамиле Аялдарга карата дискриминациянын баардык формаларын жоюу жөнүндөгү конвенциянын (CEDAW) кабыл алынган мезгилде башталды беле, же?..

-- Адамзат тарыхындагы баардык цивилизацияларда жана коомдук-экономикалык формацияларда каада-салттардан жана үрп-адаттардан улам коом эркектер менен аялдарды бири-бирине тең эмес эки топко бөлүп келген. Ага ылайык, эркектер, эреже катары, коомдук “кызмат өтөө” менен, ал эми аялдар үй-бүлөлүк тар чөйрөдө өз милдетин аткарышкан. Ошондуктан, аял баардык маданияттарда өз алдынча инсан катары эмес, эркекке, атап айтканда, атасына, күйөөсүнө кам көргөн киши, аларга такай көз каранды абалда болгон "көмөкчү" социалдык жан катары кабылданган. Аялдарга карата мындай мамиле, зомбулук нике, үй-бүлө мамилелери чөйрөсүндө жакшы өнүккөн. Өз аялы менен балдарына көзөмөлдүк кылуу жана зарыл учурда кара куч колдонуу менен жазалоого эркектин моралдык укугу дээрлик XX кылымга чейин сакталган.

-- Демек, «аялдарга карата зомбулук» бүткүл адамзат тарыхын коштоп келаткан социалдык көрүнүш экен да, ага кандай аныктама берсек болот?

-- Аялзатын кемсинтүү же ага карата зордук-зомбулук көрсөтүү деп аялга кайгы-капа апкелген, же болбосо денесине, же психикалык ден соолугуна зыян келтирген зомбулуктун ар кандай актысын айтабыз. Аялдарга карата зомбулук аялдар менен эркектердин ортосундагы күчтөрдүн тарыхый теңсиздигинин көрүнүшү, ал эркектердин аялдарга үстөмдүгүнө жана эркектердин аялдарды басынтышына алып келет, аялдардын коомдо толук укуктуу өнүгүшүнө тоскоолдук кылат. Аялдарга карата зомбулук – коомдо аялдарды багыныңкы абалда кармап туруунун негизги механизмдеринин бири.

-- Тарых тастыктагандай, аялзаты кемсинтүүгө, зомбулукка каршы чыгып, дүйнөлүк масштабда кандайдыр бир иш-чаралар көрүлүп келдиби?

-- Албетте, адам укуктары коомдун руханий баалуулуктарынын бири болуп эсептелет. Алар коллективдүү жана индивидуалдык болуп бөлүнөт, идивидуалдык укуктун субъектиси – адам. Коллективдүү укуктарга өзүн-өзү аныктоо укуктары, өз кен байлыктарын, табигый сырьелорун эркин пайдалануу укуктары жана улуттук азчылыктардын укуктары кирет. Жеке укуктардын негизги постулаты – адамдын кадыр-баркы жана эркиндиги, ар кандай басмырлоого келишпестен каршы чыгуу болуп эсептелет. Баардык адамзатка социалдык адилеттүүлүктү жарыялаган маанилүү документтердин бири – “Адам укуктарынын жалпы декларациясы” эсептелет (2018-жылы 70 жылдыгын белгиленген). Тарых тастыктагандай, бул маанилүү документ да алгач эркектердин укуктарына ылайыкталып жазылган. Кийин гана АКШнын президенти Франклин Д.Рузвельттин жубайы Анна Элеонора Рузвельт (1884-1962) сыяктуу аялдардын кийлигишүүсү менен ‘man’ (эркек) термини “ар бир адам” деген термин менен алмашылган. Элеонора Рузвельт күйөөсү өлгөндөн кийин БУУдагы АКШ делегациясынын мүчөсү болуп дайындалат, 1946-жылдын башында БУУдагы адам укуктары боюнча коммиссиянын биринчи төрайымы болуп шайланат. БУУ аталган декларациядан кийин адам укуктары боюнча аял менен эркектердин тең укуктарын тастыктаган бир катар маанилүү документтерди кабыл алган, аларда да эркек менен аялдын тең укуктуулугу ырасталган. Андан тышкары да аял укуктары боюнча айрым бир документтер кабыл алынган.

-- Кыргызстанда бул жаатта кандай документтер кабыл алынган?

-- Баарыбызга маалым болгондой, Кыргызстан 1991-жылы суверендүү республика деп жарыяланды. 1996-жылы январда аял укуктары боюнча эл аралык беш конвенцияны ратификациялаган. Алар төмөнкүлөр:

· Энелик укукту коргоо жөнүндө конвенция (1952-ж. 28-июнь);

· Аялдардын саясый укуктары жөнүндө конвенция (1952-ж. 20-декабрь);

· Күйөөдөгү аялдын граждандуулугу жөнүндө конвенция (1957-ж. 20-февраль);

· Никелешүүгө макулдук берүү, никеге туруу жаш курагы жана никени каттоо жөнүндө конвенция (1962-ж. 7-ноябрь);

· Аялдарды басмырлоонун баардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенция (1979-ж. 18-декабрь).

-- Биз сөз кыла турган, кабыл алынганына туура 40 жыл болгон конвенция сиз атагандардын бешинчиси да?

-- Ооба, акыркы, 5-конвенция баардык алдыңкы конвенцияларды камтып, аял укуктары боюнча маселелерди жөнгө салуучу негизги документ болуп саналат. Бул конвенциянын преамбуласында Бириккен Улуттар Уюмунун эгидасы астында кабыл алынган эл аралык конвенциялардын бар экендигине карабастан «аялдарга карата дагы эле басмырлоонун орун алып жаткандыгы» тынчсызданууну пайда кылат деп айтылган.

-- Бул конвенциянын мааниси менен өзгөчөлүгү эмнеде?

-- Бул конвенция эркектер менен аялдардын ортосундагы чыныгы теңдикке жетишүү үчүн аялдардын репродуктивдик укуктарын, энеликке жана кош бойлуу болуу укугун, билим алуу, кесибин жогорулатуу боюнча кошумча мүмкүнчулүктөрдү берүүнү ж.б. бекитет. Мындай модель (үлгү) аялдар менен эркектердин ортосундагы орун алган теңсиздиктин физиологиялык, тарыхый, системалык өбөлгөлөрүн эске алуу менен алардын укуктарын теңдөөгө көмөктөшөт. Конвенция аялдар менен эркектердин жүрүш-турушунун социалдык жана маданий моделдерин, ошондой эле коомдогу салт жана үрп-адаттарды өзгөртүү аркылуу алардын тең укуктуулугуна жетишсе болот деп эсептейт. Мисалы, бул конвенциянын 5-статьясында “ырым-жырымдарды түп-тамырынан бери жоюуга жана жыныстардын биринин сапатынын начардыгына же артыкчылыгына же эркектер менен аялдардын ролунун көнүмүш болуп калгандыгына негизделген адаттар дээрлик башка практиканы жок кылууга жетишүү максатында эркектер менен аялдардын жүрүм-турумунун социалдык жана маданий моделин өзгөртүү үчүн мүчө мамлекеттер баардык тийиштүү чараларды колдонушат деп айтылган (Аял укуктары. Бишкек. 1997. 14-б.). Ошондой эле конвенция эркектер менен аялдар өз балдарын тарбиялоо жана өстүрүү үчүн жалпы жоопкерчиликте экенин белгилейт (ошондо эле 15-б.). Конвенция аял укуктары жаатындагы формалдык стандарттарды аныктоо менен гана чектелбестен, мүчө – мамлекеттерди коомдун баардык чөйрөсүндө аялдардын традициялуу калыптанган, реалдуу теңсиз абалын өзгөртүүгө милдеттендирет.

-- Кыргызстан ратификациялаган ушул конвенциянын алкагында кыргыз коомунда орун алган «аялдарга карата зомбулук» көрүнүшү изилденип, маани-маңызы, себеп-залалдары ачыкталып жатабы?

-- Албетте, мамлекет, граждандык коомдун институттары жана илимоздор тарабынан изилдөөлөр болуп жатат. Атап айтсак, мен илимий мектебимдеги окуучуларым менен изилдөө жүргүзүп, төмөндөгүдөй ой-кортундуларга келдик:

Аялдарга карата зомбулук үй-бүлөдө, жамаатта жана мамлекеттик деңгээлде кездешет, кыргыз коомчулугунда аялдарга карата зомбулуктун психологиялык, социалдык-экономикалык, үй-бүлөлүк (!) сыяктуу түрлөрү көп кездешет. Ошондой эле коомдогу социалдык-экономикалык маселелерден жана адеп-ахлактын бузулушунан улам зомбулуктун трафик, сексуалдык сымал түрлөрү да көбөйүп баратат.

Аялдарга карата зомбулуктун негизинде социалдык-саясый; социалдык-маданий; социалдык-психологиялык жана социалдык-экономикалык факторлор жатат. Социологиялык изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча аялдарга карата зомбулуктун негизги себептери калктын турмуш деңгээлинин өткөөл мезгилде өтө төмөндөп кетиши, жумушсуздук, зомбулуктан коргоочу мыйзамдардын иштебей жатышы, коомдун маданий жана адеп-ахлак жактан бузулушу болуп эсептелет. Ушундан улам респонденттер аялдарга карата зомбулуктун болуп жатышына эң ириде мамлекет, укук коргоо органдары (аракетсиз жана алдын алуу иштерин жүргүзүшпөйт), медицина мекемелери ойдогудай зарыл жардамдарды беришпейт, анан эркектердин зомбулукка багышталган табияты, аялдарды зомбулукту пайда кылган биологиялык жаратылышы деп эсептешет.

Аталган жалпы факторлордон тышкары аялдарга карата зомбулуктун ар бир түрүн шарттаган өзгөчө себептер да бар. Мисалы, аялдарга карата үй-бүлөдөгү зомбулук төмөндөгүдөй факторлор менен шартталган: тамырлары тарыхый шартталган стереотиптер; үй-бүлөнүн жабыктыгы; коомдогу жана үй-бүлөдөгү аялдардын көз каранды статусу; үй-бүлөдөгү зомбулукка жеке, өздүк маселе катары кадимкидей мамиле жасоо; зомбулуктан жапа чеккендерди коргоонун социалдык жана укуктук механизмдеринин жетишерлик эместиги ж.б.

Аялдарга карата зомбулук аялзатынын өзүнө гана негативдүү таасир этпестен, ал үй-бүлөгө, андагы балдарга, эркектерге жана акыр аягында коомго да өз залалын тийгизет. Натыйжада коомдо кылмыштуулук көбөйөт; түрмөлөрдө кармоонун мамлекетке жана коомго материалдык жактан чыгашасы өсөт; зомбулуктун циклинин бүтпөстүгүнө; аялдар менен эркектердин теңсиздиги тууралуу мифтердин такай жаралышына жана турмуш деңгээлдин төмөндөшүнө алып келет.

Кыргызстанда аялдарга карата зомбулукту социалдык көрүнүш катары азайтууда жана жоюуда эл аралык уюмдар, мамлекет жана өкмөттүк эмес уюмдар бир топ иш-чараларды жүзөгө ашырууда. Ошол эле учурда жасала турган иштер да аз эмес экендигин белгилей кетүү зарыл.

-- Азыркы учурда актуалдуу болуп жаткан гендер, гендердик теңчилик деген теориялар менен биз карап жаткан конвенциянын байланышы кандай?

-- Кыскача айтканда, аял менен эркектин тең укугу боюнча феминизм, аялдар маселеси жана гендер деген концепциялар бар. Феминизм аялдарды эркектер менен тең укукка жеткирүү тууралуу теория жана кыймыл. Советтер союзунда жана анын курамындагы Кыргызстанда феминизм аялдар маселеси формасында ишке ашырылды. Эгемендик алгандан кийин рынок экономикасы шартында жалаң аялдарда эле эмес, эркектерде да бир топ маселе пайда болду. Ушундай кырдаалга гендер теориясы туура келди. Анткени гендер (биологиялык жыныс эмес, социалдык жыныс) бул эркектерге жана аялдарга байланыштуу социалдык шартталган жүрүм-турум жана күтүүлөр. Алгач Европа өлкөлөрүндө, АКШда феминизм идеялары гендердик идеяларга өсүп чыкты, гендер концепциясы пайда болгончо, б.а. аялдардын да эркектердей эле коомдук турмушка активдүү катышышына жетишүүсү үчүн талыкпаган күрөш талап кылынды. Ал күрөш аялдарга карата адатка айланган көз караштарды, эски салт-санааларды жоюп, аялдар да эркектер менен катар эле коомдо социалдык маанилүү ролду аткарары жөнүндө пикирди калыптандырды. Мына ушул максатты аялдарды басмырлоонун баардык түрлөрүн жоюу жөнүндөгү конвенция да көздөйт.

-- Мариям Миталиповна, сиз граждандык коом тармагында да эмгектенесиз да, ал чөйрөдө бул конвенция боюнча кандай иштер болуп жатат?

-- Ооба, мен республикалык “Аялдарга жардам көрсөтүү борбору” (1996) өкмөттүк эмес уюмунда бир топ жылдар бою социологиялык топту жетектедим. Бул уюм Кыргызстанда аялдардын укуктарын колдоо аркылуу гендердик теңчиликти орнотуу максатын көздөйт. Уюмдун президенти – кечээ жакында “Улут үлгүсү” ардактуу наамын алган эжейибиз Айтматова Розетта Төрөкуловна. Уюм мамлекеттик бийликке гендердик саясатты түзүү жана ишке ашыруу боюнча активдүү жардам берип келатат. Бул уюм 1999-жылдан бери биз сөз кылып жаткан “Аялдарга карата дискриминациянын баардык формаларын жоюу жөнүндөгү конвенциянын CEDAW” идеяларын жүзөгө ашырганга дарамети бар эксперттик уюм деп эсептелет да, CEDAWнун комитетине альтернативдүү отчетторду берип турат.

Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА

Булак: "АЗИЯnews" 

Последние новости