www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЛАУРА СУРАНБАЕВА, КОСМЕТОЛОГ: “КӨП УЧУРДА КЫЗДАР БЕТИНДЕГИ БЕЗЕТКИНИ ТУУРА ЭМЕС ДАРЫЛАШАТ”

Ар бир аялзаты ар дайым жаш жана келбеттүү көрүнгүсү келет. Айымдардын сулуулугуна кам көргөн косметолог Лаура Суранбаева косметика, беттеги безетки, бырыштарды кетирүү жана териге кандай кам көрүү керектигин айтып берди. 

-- Косметолог дегенде биз адамдын келбетине, сулуулугуна кам көрүүчү адисти элестетебиз, ишиңиз тууралуу айтып берсеңиз?

-- Косметолог бетке кам көрүү же ажарлуу болуу боюнча адис. Бирок, бизде косметология бир аз бет боёодон, ажарлоодон башкача медициналык тарапка жакыныраак болот. Себеби, косметология беттеги көйгөйлөрдү чечип, туура кандай кам көрүү керек, же ошол көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүүчү медицинанын жаңы өнүгүп келе жаткан бир тармагы болуп эсептелет. 

-- Косметологиялык процедуралар тууралуу айтсаңыз?

-- Косметологиялык процедуралар бет тазалоодон баштап, бырыштарды жазуу, безеткилерди дарылоо, пигменттик тактарды агартуу, кыздардын беттерине, келбетине жакшы, таза, табигый келбет тартуулоо. Биздин бетибизде майда тешикчелер бар, алар бетибизди майланыштырыш үчүн бет майды бөлүп чыгат. Эгерде бетибизге декоративдүү косметика же тоналдык крем сүйкөсөк, тешикчелер майды бөлүп чыгаралбай калат. Ал май толо берет, анан ал жерде тыгын пайда болот. Тыгын пайда болгондон кийин ал жер ачыйт, кычыйт, а эртеси безетки болуп чыга баштайт. Бет тазалоо, бетти укалоо, классикалык укалоо жана  лифтинг деп коёт, беттин булчуңдарын жакшыртыш үчүн укалоолор бар, аппараттык косметологиялар бар жана бетке ийне аркылуу каражатты териге киргизүү менен дарылоо бар. Биздин терибиз акылдуу орган болуп эсептелинет. Себеби, бетке кандай нерсени койсо да, баардык нерсени кабыл алып, өзүнө сиңире бербейт. Ошондуктан биздин органга ийне терапиянын жолу жакшы жардам берет. Себеби, мындай ыкмада медициналык каражатты түздөн-түз теринин керектүү клеткасына киргизүүгө мүмкүнчүлүк болот жана анын жыйынтыгы дагы көпкө күттүрбөй, оң таасирин берет. 

-- Айымдардан көпчүлүк учурда кандай кемчиликтерди байкайсыз?

-- 16-18 жаштагы өпүрүм кыздар же студент кыздар келишет. Алардын бетин карасаң туптунук, анан биздин процедураны алыш үчүн беттеги тоналдык кремди  жууганда таптакыр башка кыз болуп чыга келишет. Себеби, ал кыз декоративдик косметиканы өтө көп колдонгон болот. Кичинекей бир безеткини жабуу үчүн тоналдык кремди үстүнө катма-кат жапкан болот. Мен ушул нерсеге өкүнүчтүү карайм. Себеби, ал бетине тоналдык крем коюп, ошончо декоративдүү косметиканы колдонуп, бир эле безеткини жаап ошого эле зыян тийгизген жок, ал теринин дем алышына тоскоолдук кылып жатат. Ошондуктан жаш кыздарды тоналдык кремди көп колдонбоого чакырам. Тоналдык кремди колдонгон күндө дагы, аны 3-4 сааттын ичинде кайра жууш керек. Себеби, биздин терибиздин дем ала турган учуру бар. Сырттагы абадан дем алыш керек. Биз эртең менен койгон бетмайыбыз менен керээли-кечке жүрсөк, анда бетибизде жаман нерсе пайда болушу мүмкүн. Жашы өтүп калган, 30-35 жаштагы айымдар тескерисинче өздөрүн карабай, бетине кам көрбөй койгондор бар. Бетин сепкил басып, бырыштар эрте түшкөн, “буга эч кандай жардам жок” деп косметологго кайрылышпайт. Мен көпчүлүк учурда сырттан, коомдук жайлардан айымдардын беттерин карай берем. Себеби, мага профессионалдуу түрдө ал айымдын бетинде кандай кемчилиги бар же кандай жакшы жери бар экени, эмне кылса болот, кандай процедура жасаса жардам берет (?) деп ойлоно берем. 

-- Айымдарга кандай кеңеш айтат элеңиз?

-- Сөзсүз түрдө косметологдун кеңешин алуу керек. Айымдарга эң биринчи керектүү нерсе: ар бир айымдын бет жууй турган каражаты болушу шарт, андан кийин тоник, көздүн тегерегине 20 жаштан өйдө атайын коюучу кремдерди жабыш керек. 35-40 жашка чыкканда гана “чын эле бетиме бырыш түштүбү? Косметологго барыш керек экен” дебестен, бырыштардын алдын алыш керек. Жаштыкты жакшынакай сактап калыш үчүн туура кам көрүү зарыл. Айым эң биринчи өзүн өзү жакшы көрүшү шарт. Көпчүлүк айымдар “ооба, өзүмдү жакшы көрөм” деп коёт. Бул сөздүн мааниси өтө терең. Себеби, айым өзүн чындап жакшы көрсө, жакшы крем, жакшы бет жуугучтардан алып, бетин скраб менен бир жумада бир жолу жууп кам көрөт. Бир күндө бир жолу 20 мүнөттүк убакытты өзүнө бөлүш керек. Үй түйшүктөн өзүңүздү бөлүп, өзүңүзгө кам көрүңүздөр. Бизде косметологиялык кенеш алуу бекер. Колубуздан келишинче жардам беребиз. “Косметологдор өздөрү сунуштаган кымбат кремдерге такап туруп алышат” дешет. Жок, бизде андай эмес. Биз келген айымдардын мүмкүнчүлүгүнө карайбыз. Кайсы кремди колдонсо болот, кайсы көбүрөөк жардам берет дегендей. 

Зарина КАПАРОВА

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости