www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Марлен мырза, мобилдик тиркеме боюнча жакшы сунуш айттыңыз. Ал бизге эмне берет?

-- Аны Европа мамлекеттери эле эмес, Казакстан менен Россия да колдонот.  Эгер мобилдик тиркеме болсо, МАИчилер эскиче протокол түзүп, же эскиче соодалашып отурбай видеого тартып туруп эле жиберип коёт. Анан серверге келгенде ошол жерден комиссия чечим кабыл алат. Бул жол кыймылын көзөмөлдөгөндөргө да, жарандарга да ыңгайлуу. Айталы, бир жаран айдоочулук күбөлүгүн үйүндө унутуп калса, аны токтотуп, айып салышат. А эгер мобилдик тиркеме колдонулса, анын жардамы менен айдоочулук күбөлүгү бар же жок экенин ошол эле жерден билип коёт. Бар экени аныкталса, эч кандай айып салбай эле коё берет. Же дагы бир учурду алалы, патрулдук милиция кайсы бир жаранды ичип отурган жеринен кармаса, бөлүмгө алып барып отурбай эле паспорттук маалыматтарын жиберип коёт. Айып пул үйүнө келет. Бул – заманбап технология. Эгерде ошончолук эле каражат жок болсо, анда ал программаны мен акы албай  эле жасап бергенге даярмын. 2000 доллардын тегерегинде болот экен. 

-- Эки миң доллар болсо, анчалык кымбат деле эмес экен. Анда эмне үчүн чыгынбай, создуктуруп жатышат?

-- Кызыкдар эмес экендиктери байкалып турбайбы. Себеби, кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшө турган акчалар түшпөй калышы мүмкүн. Коррупциянын бир жаман жери ушунда да, “сындырайын” десең тымызын тоскоолдук кыла беришет. 

-- “Мен өзүм жасап берем” дегениңизге караганда, адистигиңиз ушул тармакка жакынбы?

-- Ооба, биринчи кесибим айтишник. Билген киши катары аны ишке ашырганга көзүм жетип турат. 

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости