www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Рима, акыркы кездерде модалуу кийимдерди чыгарып, ырчылардын клиптерине тартылып, чыгармачылыгыңды баштадың, өзүң тууралуу айтсаң?

-- Мен 11-классты Кочкор районунун Ара-Көл айылынан аяктадым. Өзүм ошол айылда туулуп-өскөм. Бишкекке келгенде эле Кыргызстан эл аралык университетине тапшырып, андан кийин атайын моделдик агенттикте эки айлык курстан өткөм. Ошол учурда шоумен Ассоль Молдокматова шоу көргөзгөнгө атайын кастинг жарыялаган эле. Кастингге катышып, биринчи жолу ошол жактан мода көрсөтүп чыккам. Андан кийин башка да көп модаларды көрсөтүүлөргө чыгып, сертификат алдым. Ошентип моделдик агенттикте окуп, үйрөнүп, азыркы учурда модель болуп иштеп, университетте да окуумду улантып жатам. 

-- Модель болуп иштеп, канча каражат табасың?

-- Кээ бир дүкөндөрдө кийимдерди жарнама кылганда бартер түрүндө кийим беришет, кээси атайын акча төлөшөт. Саатына 1000 сом, кээде андан көбүрөөк, кээде азыраак алып калам. Ар кайсы фирмалардын кийимдерин кийип, жарнама кылам. Учурда 3-4 дүкөн менен иштешип, жаңы кийимдерди кийип, элге көрсөтүп турам. Андан тышкары, белгилүү ырчылардын бир топ клиптерине тартылдым. Социалдык роликтерге, тасмага тартылууга сунуштар түшүп турат. Жалпы жонунан ондон ашуун клиптерге тартылдым. Азырынча киного тартыла элекмин, бирок кыялымда бар. Ар кандай фотосессияларга катышам. Негизи мен экранда өзүмдү эркин алып жүрөм, камераны жакшы көрөм.

-- Сулуу кыздарга суктанган, көз арткан мырзалар арбын болот эмеспи,  сага тийишкен жигиттер көп болсо керек...

-- Мага тийишкен жигиттер көп эле болот. Бирок, алар менен сүйлөшпөйм, көңүл бурбайм. Сүйлөшкөн жигитим деле жок.

-- Сулуулук сага жолтоо болобу же тескерисинче жардам береби?

-- Сулуулук мага көп жерден жардам берет. Мисалы, айрым иштерди баштаганда же жумушка кирерде дагы адамдын сырткы келбетин биринчи карайт. Мен дайыма жылмайып, күлүп турам. Ошол жылмаюум менен көп жумуштарымды бүтүрүп алам.

-- Өзүңдүн сулуулугуңа кандай кам көрөсүң?

-- Мен ашыкча боёнгонду жактыра бербейм. Боёном, бирок аша чаппайм, нукура сулуулукту жактырам. Көзүмө кирпик такпайм, кашымды тербейм. Кыздар ажарлуу болушу үчүн дайыма келбетке кам көрүш керек. Жигиттерге деле көп боёнгон кыздар жага бербейт. Жанымды кыйнап диета деле кармабайм. Балким кийин турмушка чыккандан кийин, балалуу болгондо толуп кетпеш үчүн машыгууга барышым мүмкүн.

-- Мырзалардан кандай сапатты баалайсың?

-- Жоопкерчиликтүү, сөзүнө турган мырзаларды жактырам. Кечиккен адамды жаман көрөм. Анткени мен эч качан кечикпейм. Жигит өжөр, табышкер, эмгекчил, аракетчил болушу зарыл. Билими, интеллеги, акылы болсун. Албетте, мырзалардын материалдык жагын да караш керек. Антпесе турмуш курганда көп көйгөй ушундай нерседен чыгат. Негизи эле бир нерсени бат үйрөнгөн жигиттерди жактырам.

Зарина КАПАРОВА

Булак: "АЗИЯnews"

 

 

Последние новости