www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык жазуучу айым Марина Эйбрамс “Барзу жана анын дүйнөсү” аттуу китептердин уникалдуу сериясын чыгарууга белсенүүдө. Ал китепте жер шарынын ар кайсыл булуң-бурчунда жашаган 3 жаштан 12 жашка чейинки балдарды Борбордук Азиядагы көп түрдүү маданият жана тарыхый байлык менен тааныштырмакчы.

«Би-Би-Сиге» берген маегинде долбоордун автору Марина Эйбрамс бул сериядагы “Көгүлтүр куполдор жана кызгылт сары чатырлар” аталышындагы алгачкы китепти чыгарууга элден каражат топтоп жаткынын айтып берди. “Борбордук Азия – бул аңгеме курган кишиге ченемсиз байлык. Жүздөн ашык этникалык топтор бул аймакта кылымдар бою жашап, ар бири өзүнүн уникалдуулугун сактап калган. Менин китебим бир гана балдарды эмес, чоңдорду да кызыктырары ажеп эмес. Атүгүл Борбордук Азиянын жашоочулары да өздөрү үчүн жаңы нерселерди таба алышат”-, дейт жазуучу айым.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости