www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бардык тийиштүү ведомстволордун милдети азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен тийиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздоо болуп саналат. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов азык-түлүк коопсуздугун талкуулоо боюнча кеңешмеде билдирди.

«Азык-түлүктүн негизги түрүнө карата баалар өсүүдө.  Буга байланыштуу жарандар айрым азык-түлүктөрдү алуудан баш тартууга аргасыз болууда. Бул маселе Өкмөттүн деңгээлинде бир нече ирет талкууланып, чечимдер кабыл алынган. Бирок абал татаал бойдон калып, күн сайын этке, өсүмдүк майына, жумурткага жана башка товарларга карата баалар өсүүдө. Пандемия өз таасирин тийгизип жаткандыгы түшүнүктүү, бирок актануудан ишке өтүү керек. Комплекстүү чараларды, кабыл алып, баалардын өсүшүнө ыкчам жана натыйжалуу жооп кайтаруу зарыл», — деди Улукбек Марипов.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы 4 айда өсүмдүк майы 33 сомго жогорулаган жана бүгүнкү күндө чекене баа боюнча майдын 1 литри 134 сом турат. Бир кг эттин баасы орточо алганда 435 сомго дейре жогорулап, бул 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу 124 сомго жогору дегенди билдирет.

Өкмөт башчы Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин ишин сынга алды.

«Ведомствонун аталышы айтып тургандай, сиздер социалдык маанилүү товарларга карата бааларды кармоо маселесинде олуттуу ролду аткарышыңыздар керек. Иш жүзүндө сиздер мониторинг жана фактыларды тизмектөө менен гана чектелип жатасыздар».

Премьер-министр биринчи кезектеги муктаждыкты жараткан, өзүбүз өндүргөн  продуктулар менен камсыздоо иретинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрүн себүү үчүн айдоо аянттарын кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

«Мисалга, өткөн жылы кант кызылчасын себүү аянты дээрлик 6 миң га кыскарган. Натыйжада, кант өндүрүү көлөмү да кыскарган. Мындан тышкары, биз күнкарама жана жүгөрүнү өстүрүүнү унутта калтырдык. Аталган өсүмдүктөрдү өстүрүү менен катар биз азыр импорттоп жаткан өсүмдүк майын өндүрүү көлөмүн жогорулата алабыз. Буга байланыштуу ага карата баалар да өсүүдө. Ошондой эле экстенсивдик багбанчылыкка өтүү зарыл. Багбанчылыктагы жаңы технологияларды ишке киргизүү менен катар биз түшүмдүүлүктү бир топ жогорулата алабыз», — деп белгиледи Марипов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости