www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакиев он жылдан бери бул бузуку бүлүндүргүчтөргө: "международный сотторго бергиле, 2010-жылдагы окуялардын акыйкатын элге чыгаралы" деп какшап келет. А бул шакалдар эч нерсе билбегендей: көзү сокур, кулагы дүлөй болгон жарым жан макулуктардай укмаксан, көрмөксөн болушат. Мындай пикирин бүгүн, 17-февралда жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Урматтуу Садыр Жапаровдун колдоочулары! Убактылуу Өкмөттүн төмөндөгү кузгундары үчүн, алдыда аз эле күндүк мүмкүнчүлөктөрү калып жатат. Кудай буюрса, конституцияны кабыл алып, президенттик башкарууга толук өткөн күндөн баштап, бул кыргыз элинин азабына жаралган зыянкечтердин күнү бүтөт. 2010-жылдын 7-апрели, Ош, Жалал Абад коогалаңы тыкыр иликтенет.

2010-жылдагы кандуу төнкөрүшкө Убактылуу Өкмөттүн арам акчасы менен арагына алданышып, колдоруна курал алып, ак үйгө барышып өлүм тапкан баатыр сөрөйлөрдүн тагдырына, түштүктө Ош, Жалал Абаддын бүтүндүгүн сактап калабыз дешип, бөөдө курман болушкан миңге жакын жөнөкөй адамдардын өлүмүнө, түбөлүккө майып болуп калышкан он миңдеген адамдардын аянычтуу тагдырына, өрттөлгөн шаар, талкаланган үй-жайлар үчүн жооп берер күн келип калганын сезип олтурушат. Ошон үчүн булар: "жатып өлгөнчө атып өл" деген принципти колдонушуп, баардык арам мүмкүнчүлүктөрүн аракетке салышат. А булардын ыплас жоруктарга, арам иштерге өтө жөндөмдүү экенин акыркы он жылда жакшы эле окунуп болдук окшойт.

Бакиев он жылдан бери бул бузуку бүлүндүргүчтөргө: "международный сотторго бергиле, 2010-жылдагы окуялардын акыйкатын элге чыгаралы" деп какшап келет. А бул шакалдар эч нерсе билбегендей: көзү сокур, кулагы дүлөй болгон жарым жан макулуктардай укмаксан, көрмөксөн болушат. Бакиев өзүнүн ак экенин, адамдарды ат деп команда бербегенин, бир адамдын өлүмүнө да тиешеси жок экенин, эч кандай акчаларды алып чыгып кетпегенин, снайпер жалдабаганын, түштүк согушун баштабаганын далилдеп, өзүнүн атын актап алайын деп жатат. Албетте, Бакиев акталып чыкса, ансыз деле жүзү кара болуп бүткөн бул мародёр-уурулардын аты эле эмес, бүткүл тулку боюна чейин капкара боёкко боелот. Ал окуялар ачыкка чыгып калган күндөн баштап, буларды көчөдөн жолуктуруп калсак, беттерине түкүрүп өтө турган болобуз. Тарыхта кара тамгалар менен жазылып, кийинки муун окуп жийиркенишет булардын кылган кылмыштарынан.

Ошон үчүн президенттик башкарууга өткөн күндөн баштап, 2010-жылдагы Кыргызстандын тарыхындагы эң кайгылуу окуялар текшериле башталышы керек. Ал үчүн биз экс президентибиз Курманбек Салиевичти өлкөгө алып келишибиз зарыл. Садыр Нуркожоевич өзүнүн президенттик башкаруусун, акыйкат иликтенбей унутулуп калып кетип жаткан каргашалуу окуяларга көз жумуп коюп баштабаш керек.

Себеби, түштүктө өлгөндөрдүн арбагы ыраазы болбой, өлкөнүн иши алдыга жылбайт. Муну биз Жээнбековдун үч жылдык башкаруусунда да үч жыл бою: "түштүк окуясы текшерилсин" деп талап кылып келдик. Бирок Сооронбай Шарипович да досу Атамбаев окшоп, түштүк окуясы тууралуу бир ооз ачып сүйлөй албады. Демек анын сүрөтү да төмөндөгү катарга бекер кошулуп калбаса керек.

Ал эми Садыр Нуркожоевич үчүн түштүк окуясынын такталганы түштүк элине кандай керек болсо, ага да ошондой эле зарыл деп ойлойбуз. Себеби, Садыр Нуркожоевич түштүк согушун токтоткон азаматтардын бири болуп эсептелет. Түштүк коогалаңын Бакиевсиз текшерүү, бул деген: дагы деле акыйкат толук ачылбай, чала өлтүрүлгөн жыландай кала берген менен барабар болот. Ошондуктан Бакиев өлкөгө келиши керек.

Бир эле Бакиев эмес, Акаев да үй бүлөсү менен келсин. Эл башкарган президенттерибиз сыртта калганы, кыргыз эли үчүн намыс, өлүм менен барабар иш. Муну көп акмактар түшүнбөй жатышат. Кадыржан Батыров деген учуна чыккан кылмышкер, эл бузар сепаратист, кан ичкич чет жакта арам өлдү эле, өзбек туугандар өлүгүн сыртта калтырышпай алып келишип, Өзбекстанга коюшту. Себеби Батыров өзбек улутунан болгону үчүн.

Биз кыргыздар өзбектердей боло албай сындык, эгер жакшылап ой жүгүртсөк. Жетишет, Бакиев, Акаевдерди алып келе турган мезгил келди. Алардын өлкөбүзгө пайдасы гана тиет. Убактылуу Өкмөттүн ууру-кескилери, мыркалары, куйтулары, трайбалистери арабызда жашап жүрүшпөйбү? Эмне үчүн Бакиев менен Акаев сыртта калыш керек?

Ал эми төмөндөгү эл бузарлардын ыплас иштерине дайым даяр болуп турушубуз керек. Буларды ээрчиген Али Токтакунов окшогон жугундукорлор да көп өлкөдө", - деп билдирген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости