www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылы 16-февралда КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын 2 жаранын кармашкан. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чек арачылар кызмат өтөө учурунда Чу дарыясы аркылуу Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө багыт алган 2 жаранды кармап, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө бөгөт коюшкан.

Суракка алуунун жүрүшүндө мыйзам бузгандар КР жарандары 1984-жылы туулган Ю.С. жана 1981-жылы туулган В.М. экени белгилүү болгон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар андан ары чара көрүү үчүн тиешелүү органга өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости