www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вакцина паспорту: жаңы доордун документи пайда болобу?

Дүйнөдө эмдөө тууралуу документ киргизүү боюнча талкуулар күчөдү. Мындай документти саякатка, сапарга чыккандарга милдеттүү берип, чек арадан өтүшүнө тоскоолдук жаратпаш керек дегендер бар.

IT-компаниялар, авиакомпаниялар жана айрым өлкөлөрдүн өкмөттөрү вакцина паспортун киргизүүнү жактап чыкты. Ал эми каршы чыккандар муну адам укугунун бузулушуна алып келерин эскертип, шашылбай турууга чакырды.

Эмдөө паспорту пандемия учурунда эң катуу жабыр тарткан туризм тармагын жандандырышы мүмкүн деген пикирлер үстөмдүк кылат. Туризм ички дүң өндүрүмүнүн 20 пайызын түзгөн Греция эң оор абалда калган өлкөлөрдүн бири. Анткени оор каржылык кризистен эми бутуна туруп келе жатканда пандемиянын соккусуна туш болду. Бул өлкөдө ар бир бешинчи киши туризм тармагында иштейт. Грецияда туризм тармагындагы киришенин азайышы 80 пайызыдын тегерегинде болду.

Жапырт эмдөө: "Менин өлкөмө вакцина качан жетет?"

Кырдаалдан чыгуу үчүн өлкөнүн премьери Кариакос Мицотакис Европа Биримдигине кайрылып, вакцина паспорту боюнча идеяны карап чыгууга үндөдү.

"Эмдөөдөн өткөн кишилер ээн-эркин саякатаганга мүмкүнчүлүк алыш керек",- деп айтылат грек премьеринин Еврокомиссиянын жетекчиси Урсуле фон дер Ляйенге жолдогон катында.

Январдын этегинде Грецияда коронавируска эмдөөдөн өткөндөргө атайын сертификат бериле баштаган. Евробиримдиктин чечимин күтпөй эле Греция иш жүзүндө эмдөө паспорту кандай иштерин сынап көрүп, Израиль менен келишим түздү.

Израилдин тогуз миллион чамалуу калкынын болжолу 3,5 млн. эмдөөдөн өттү. Бирок Израилдиктер Грецияга келген туристтердин өтө эле аз бөлүгүн түзөт. Айталы, 2019-жылы Грецияга эс алуу үчүн 34,2 млн турист келип, алардын миллионго жетпегени гана Израиль жарандары болгон. Грецияга эң көп келген туристтер Германия менен Британия жарандары.

"Бул жерде эмдөө милдеттүү болушу керек жана саякаттоодогу сөзсүз аткарылууга тийиш делген шарттар тууралуу кеп жок",- деп жазган Кариакос Мицотакис ЕБ жетекчилигине катында.

Бирок бул идеяга каршы чыгып жаткандар дал ушундан чочулап жатышат. Башка өлкөгө баруу үчүн милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүү эрежеси киргизилип калат дегендер бар.

Деген менен эмдөө паспорту дүйнөдө көп жылдан бери эле колдонулуп келүүдө. Саякатчылар азыркы маалда холерага, кызамыкка, безгек сыяктуу бир катар илдеттерге атайын сертификат алышат. Эмдөө паспортуна байланыштуу дагы бир кооптонуу - купуя маалыматтар ачыкка чыгып кетиши мүмкүн деген чочулоо.

Европанын туризмден көз каранды болгон көп өлкөлөрү Грецияны колдоого алууда. Кайсыл бир деңгээлде муну Италия, Португалия, Кипр, Чехия, Эстония, Испания, Словакия жана Венгрия колдоду. Бирок бүтүндөй Европанын азырынча буга орток пикири жок.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюуму азырынча эмдөө вирустун тарашын токтотот дегенге кепилдик жок экенин айтты. Уюмдун Европа боюнча атайын өкүлү Дэвид Набарро кадимки жашоого кайтып келүүгө Covid-19 ыкчам тесттери жардам берет дейт. Бирок эмдөөдөн өтө албагандар чектөөлөргө туш болоорун эскертти.

Уюмдун алдыңкы эксперттери вакцинага болгон таңкыстык жоюлгандан кийин кырдаал жумшара турганын болжоодо. Саякатчылар үчүн вакцина паспортун же сертификат киргизүү эл аралык деңгээлдеги макулдашуулар аркылуу чечилет деди уюмдун өкүлү.

ДССУ октябрда эле эл аралык эмдөө сертификатын иштеп чыгуу боюнча Эстония менен кызматташуу туралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Мындай демилгеге Германия менен Франция күмөндүү көз карашта. Алар эмдөө паспорту айрым бир катмарга өзгөчө артыкчылык берип коюшу мүмкүн деп эсептейт.

Британ өкмөтүнүн башчысы Борис Жонсон ички колдонууга эмдөө паспортун киргизүү ниети жок экенин айтты. Бирок мындай аныктама же тактама чет өлкөгө чыкканда керек болушу мүмкүн дейт.

Өткөн айда британдык Telegraph басылмасы өлкө бийлиги эмдөө паспорт системасын каржылай турганын жазып чыккан. Айрым британдыктар буга каршы чыгып, 145 миңден ашуун киши бул идеядан баш тартуу талабы менен петицияга кол койгон эле.

"Мындай паспорттор эмдөөдөн баш тарткандардын укугун чектеши мүмкүн жана бул жол берилгис",-деп көрсөткөн петициянын авторлору.

Маселе башкада, ар кайсыл өлкөнүн өкмөттөрүнүн көз караштары башка болгону менен жеке ишканаларга, анын ичинде ресторандарга, кинотеатрларга жана авиакомпанияларга өз эрежелерин кабыл алууга тыюу салуу мүмкүн эмес.

Германияда концерттерге, ар кандай иш-чараларга билет сатуу менен иштеген Eventim компаниясы өзүнүн онлайн- брондоо системасына өзгөртүү киргизди: кардарлар эмдөөдөн өткөнүн тастыктаган аныктамасын жүктөшү зарыл. Авиакомпаниялар дагы ушундай тиркемелерди иштеп чыгуу маселесин караштырууда.

Бирок эмдөө паспортуна келсек, кырдаал татаал десе болот. Анткени бул жерде кеп бардык өлкөлөр үчүн бирдей болгон универсалдуу система жөнүндө жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости