www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ала-Бука районунун аймагындагы Өзбекстан менен чектешкен жерге, кошуна мамлекеттин чек-арачылары кирип, казык орнотуп жатканы боюнча видео жарыяланып, коомчулукта нааразычылык пайда болгон. Өзбекстан тарап кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча 2017-жылдын, 16-августундагы № 31 протоколуна таянып чек-араны белгилеп жатканын билдирген. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлуп келишимге кирген. Келишимге ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.
Өзбектер казык орнотуп жаткан жерлер мурдакы бийлик тараптан кол коюлган. Жаңы бийлик калган чек аралар боюнча жаңыдан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Азырынча бир чарчы метр жер боюнча келишимге кол коё элек.
Булак: NazarNews.kg