www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эртең менен жумушка келатып аялдамадан капкара жоолук салынып, капкара көйнөк кийген аялзатын, жанындагы сапсайтып сакал коюп, чыптама допу, салбырак көйнөк, дамбал кийген эркегин көрүп эсим эки болуп, жумушка жеткенче кабатыр ойдун кучагынан чыга албадым.
Мен деле Кудайдан коркуп, беш убак намазым менен жүргөн инсанмын, бирок тээ абалтан берки аруулукка, тазалыкка, адаптүүлүккө, ыйманга багыттаган изги каада-салттарыбыз, жөрөлгөлөрүбүз ушинтип бара-бара жоюлуп, буга окшогон көрүнүштөр көнүмүшкө айланып кетеби деп оюм онго, санаам санга бөлүндү. Кыргызда караны эри өлгөн аял кийчү эле го, анан жылдыгын өткөрүп барып ак кийгизишчү го, ал эми сакалды атасы, менен агасы барлар койчу эмес эле го, дамбал менен салбыраган көйнөк эми кыргыздын ислам динине түк да каршы келбеген сонун улуттук кийимдерин пайдалануудан сүрүп чыгарабы?
Ооба,биз мусулманбыз, бирок кыргыз элинин улуулугун сактап калуу менен эле ыйманга, динге жүрөк ачпайлыбы, келгиле талкууга жем таштап ой бөлүшөлү. Бул маселеге Муфтият, Мамлекеттик дин комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Президенттик Аппаратынын алдындагы "Ыйман" фонду эмне дейт экен. Угалы, албетте бизде дин эркиндиги бар, бирок кыргыз эли келечекке улуттук өзгөчөлүктөрүн сактап калуу менен барабы, же жанагындай бир ууч фанаттардын жетегинде кетип, улуттук баалуулуктардан ажырайбызбы, айтыңызчы бурадар?..
Суранаарым, ашыкча кетпей, бири-бирибизди мазактагандан алыс болуп, тагдыр чечээр пикирлерди ортого салганыбыз абзелби дейм...
Марк-Абай Ааматовго таандык макала Фейсбуктагы "Кыргыз туусу" тобунан алынды;
Булак:NazarNews.kg