www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каякка барса да марксизм –ленинизмдин булактарын колтугуна кыпчып жүрө турган Исхак Масалиев аларды урматтаган жалгыз кыргыз болсо керек. Керек болсо көрүстөнгө да, казиного да ала жүрөт дешет. Убагында Гиннес китебине жазылбай калган бир жорук бар, ал бир үй-бүлөдөн мамлекеттик парламентке үч адамдын: Апсамат Масалиев, Исхак Масалиев жана Эркинбек Матыевдин чыгышы болгон. Өзүнчө бир фракция түзүлгөн.

Экөөнү кара жер алып кетти, Исхак Масалиев “старик” депутатка айланган. 2007-жылы партиялык парламентке шайлоо өткөндө “Ак-Жол” 71 мандат, СДПК -11 мандат, коммунисттер -8 мандат алган. 2010-жылы аны ыраматылык Үсөн Сыдыков менен топуракка оонатып жатып, партиясы шайлоого барбай калган. 2015-жылы “Өнүгүү” партиясын баштап барган, эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясында экинин бири.  СССР убагында компартияга өтүш үчүн эки партиянын мүчөсүнүн сунушу менен, бир жыл талапкерлик убакыт керек болгон.

Ал эми Масалиев тууралуу бир, эки ооз сөз айта кете турган болсок. Партиянын элеси эмгиче унутула элек. Ленинге сыйынып, Сталинге дуба кылган адам кээде элди толкундата сүйлөп Зюгановдой парламентте ээлеп албаса да депутаттан түшө элек.  Мадумаров 2010-жылдан бери  шайлоо сайын  бийликти эңсеп келип, жети жолу нокаутка жыгылган.

Мадумаровдун айтымында Коммунисттерден башкага бириккиси келбейт,ошондуктан Масалиевди кошуп алган. Парламентке Мадумаровдой критик керек деп эсептегендер толтура. Анын таттуу тилине, ачуу харизмасына алданган карапайым калк, аны пайгамдардай эле жакшы көрөт. Алар Мадумаровдун туткунунан качан чыгары белгисиз, анткени алардын мээсине пропаганданы Гитлердей эле куюп салган.

Ошого карабай Мадумаровду урматтаса болот, ал бардык бийликтин уйкусун алып, титиретип турган. Чындыгында элдик саясатчы аброю бар, бирок шайлоого келгенде эле “Бүтүн Кыргызстан” шайлоого босогосунан өтпөй калат. Балким анын электораты бери карап, биз макул эмеспиз, биздин президент Мадумаров деп кыйкырып, ары барып шумпайлардын тыйынын алып добуш сатып жүргөндүр.

Биринчи жолу “Бүтүн Кыргызстан” шайлоого босогосун аттап парламентке өттү эле, анысы да буйрубаптыр, кап революция болуп кетпедиби. Эми жөжөнү жакында санайбыз, шайлоонун жыйынтыгын күтө туралы.

2020-жылы авторитризмге чылк батып,Төрөбаевдин керт башына сыйынуучулук күчөгөн “Өнүгүү” фракциясынан кетүү процесси башталган. “Өнүгүү” фракциясынын депутаты Мирлан Бакировдун жакын туугандарынын бири, Жалал-Абад шаардык мэриясында жашылдандыруу тармагын жетектеп, андан соң башка кызматка которулган Төлөн Бакиров УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «коррупцияга» шектелип кармалган. Учурда Төлөн Бакиров убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 2017-жылы  “премьер –министр” катары Төрөбаев “президент” Бабановду колдоп самаганы ишке ашпай калды, эми ал башка партияга кошулган. Парламенттик шайлоо “Өнүгүүдөн” өң салып кеткен.

КПСС БКнын Саясий бюросунун мүчөсү Апсамат Масалиевдин уулу Исхак коммунисттерин айдактаса деле 2007-жылдагыдай парламенттен орун алмак. Бирок, ал Атамбаев жиберген “баканооздор” 2010 -жылы Үсөн Сыдыков экөөнү топуракка оонаткандай, партиясын 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо топуракка оонатып кетпесин деген ой менен “Өнүгүүгө” кошулгандыр.

Масалиев кыргыздын коммунисти болсо, Зюганов орустун коммунисти башкысы экөө тең коммунист экени белгилүү. Зюгановду Орусиянын президенти Владимир Путин мезгил –мезгили менен куттуктап турат. Зюганов 1990 -жылы КПРФ түзүлгөндө Саясий бюросунун мүчөсү, 1993–жылдан секретары болгон. 1993–жылдын декабрынан баштап КПРФдан Мамдумага алты жолу депутат болду.

Ельцин менен 1996 – жылдын 16 –июнунда эрөөлгө чыгып 32 пайыз менен экинчи турга чыккан. Экинчи турдан Ельцин Лебедди өзүнө кошуп алып Зюганов 40 пайыз менен калып калган. Мамлекеттик чоң кызматкерлердин айтуусунда мында жеңиш Зюгановдуку болуп, Ельцин добуштарды жасап кеткен.

Зюганов 2000–жылдагы президенттик шайлоодо Путинден кийинки экинчи орунду 29 пайыз алган. 2004-жылкы шайлоодо Зюгановдун ордуна Харитонов чыгып 14 пайыз менен дагы экинчи орунга чыккан. 2008–жылдагы шайлоодо Медведев менен Зюганов чыгып, кайрадан 17 пайыз менен (13 миллион) экинчи чыгып, 2012 –жылы ошол эле 17 пайыз менен Путинге уттуруп койгон. 2018–жылы Зюганов Грудининди чыгарып, ал дагы эле Путинден кийинки экинчи орунду алат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости