www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аккулу Бердиев:

Бүгүн, 10-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө депутат Аккулу Бердиев иштен алынган Кудайберди Кожобековго болушту.

Кожобеков ОшМУнун ректору болчу. «Бул жаш кадр эле, жакшы иштеп жаткан. Бирок 10 студент саясий партиянын жыйналышына катышты деп жумуштан алып койду. Бирок ал бардык студенттерди көзөмөлдөп жүрө албайт да. Ошондуктан аны кайра ордуна коюш керек. Ал өсүшү керек», - деди Бердиев.

Эске сала кетсек, Кожобеков кечээ, 9-ноябрда, ээлеген кызматынан бошотулган. Аны менен бирге ОшМУнун педагогика факультетинин деканы Бактыбек Муратбаев жана ушул факультеттин 3 окутуучусу иштен алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости