www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дипломаттын пикиринде, ЕАЭБ алкагында түзүлгөн механизмдер эң катаал жылдарда Кыргызстан менен Орусиянын эки тараптуу байланышын сактап калууга көмөгүн көрсөттү.

Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуудан Кыргызстандан кандай пайда көргөнүн Орусиянын КРдеги элчиси Николай Удовиченко айтып берди.

Кыргызстанга Орусиялык компаниялардын көп тармактуу эл аралык комиссиясы келди. Анын мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда элчи эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүк позициясын бекемдеп турганын билдирди.

"Бул биримдиктин алкагында түзүлгөн механизмдер эң катаал жылдарда Кыргызстан менен Орусиянын эки тараптуу байланышын сактап калууга жардам берди. Биримдикке мүчө болуу Кыргызстанга кызматташтык үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдөн тышкары, ар кайсы тармактар боюнча өнөктөштөрдөн жардам алууга мүмкүнчүлүк берди", — деди Удовиченко.

Төмөндө ал Кыргызстанга көрсөтүлгөн колдоолорду эске салды:

Орусия тараптан көзөмөл-өткөрүү пунктулары жана лабораториялар модернизацияланды;

Cалык системасын модернизациялоо боюнча үч жылдык программа ишке ашканы турат;

Tоварларды маркалоо жана дарегине жеткенге чейин көзөмөлдөө системасы киргизилип жатат.

"Бул программалар үчүн Орусия  миллиарддаган каражат которду. Бул кадам эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөдө", — деди элчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости