www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бензинди кымбаттатабыз, бала бакчасына тамакка элден акча чогултабыз деген элге каршы мыйзамдарды ойлоп тапкан Байпакбаев дагы “Балп” этип  байпагын тескери кийди. Маркстын “Капиталына” сугарылып өскөн Экмат Жүрүкбаевичтин товар-акча-товар деген идеяны туу тутканы көрүнүп турат. Эми ал кыргыз ишкерлерине бут тоскон мыйзамдарды даярдап турмушка ашырганы турат. Экмат Жүрүкбаевичтин марксисттик көз карашы  боюнча Кыргызстанда өндүрүлгөн пиво продукцияларына акциздик марка киргизишибиз керек экен. Бул мыйзамдын негизи жергиликтүү пиво өндүрүүчүлөргө кызылдай эле бут тосуп, кымбаттатуу болуп саналат. Акциздик марка кирер менен  пиво кымбаттайт. Пивону мурункудай ким ичип жатыптыр, мурун бир кружкасы же жарым литри 18 тыйын болчу, азыр “сары бээ” атка конгон сары бочкалар көрүнбөйт, соода точкаларында  ансыз деле кымбат, эми мындан да кымбаттаса, ким алат?

Сатуунун көлөмү азайса мамлекеттик казынага түшкөн салыктын көлөмү дагы төмөндөйт. Бизде өндүрүлгөн «Арпа», «Абдыш-Ата» жана «Топоз» деген пиво өндүрүүчү 3 ири завод жылына болжолдуу 600-700 миллион сомдун тегерегиндеги салык төгүшөт. Бул мыйзам күчүнө кирсе  20-50 миң  доллар бюджетке түшөр. Пиво, эми нан эмес элдин бары талап кылган. Бирок пивонун көлөмү ылдыйлап кетсе салык да азаят. Эмне ошол азайган сумма менен мурунку түшкөн салыктын ортосундагы айырмасын “Капиталды” жазган Карл Маркс көрүнөн туруп келип төлөп береби?

  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости