www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда так ушул таптарда коррупцияга каршы күрөш күч алды. Бул кара башыңды жегир коррупционерлер Аскар Акаевди да аябай кыйнаган экен. Анда Акаев 1996-жылы Коопсуздук Кеңешинде коррупция Ак үйдүн 7-кабатына жеткенин айтып, аёосуз согуш жарыялап, аткаминерлерди камакка алууну тапшырат. Бул туңгуч президенттин каттуу кадамы тилекке каршы АНЕГДОТ болуп айтылып калган. Эми Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин коррупцияга каршы жүргүзгөн саясаты боюнча эл арасындагы же белгилүү адамдар айтып жүргөн тамаша-азилдерге токтолуп күлүп алалы. Төмөнкү азил, саясатчы Азимбек Бекназаровдун “Унчукпай коюуга укугум жок” китебинен алынды.

Ошентип, Аскар Акаев Коопсуздук Кеңешинин жыйынын жүрүшүндө каттуу чаңырып, “Коррупция 7-кабатка чейин жетти. Бүгүндөн баштап аёосуз күрөш жүргүзүлөт, күрөштү баштагыла” – деп Жаныш Рустембеков менен Ташкул Керексизов жана башка ушуга окшогон өзүнүн дөө-шаа, жан-жөкөрлөрүнө кайрылат. 

Алар болсо бири-бирин карап, “кимибизден баштайлы я” – дегендей бирин-бири кыя албай анан баары Акаевдин өзүн “кор башыны” карагандай карашып, токтоп, аргасыз мыйыгынан күлүшкөн экен.  

Бул тунгуч президенттин "коррупцияга каршы күрөшкүлө" деген буйругуна экс-аткаминерлердин бири-бирин жылмаюу менен караганы азыркыга чейин айтылып жүрсө, учурда жемкорлордун алды камалып, арты темир УКМКнын жер төлөсүнө аттанганы турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости