www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи вице-президенттин өлкөнү башкарып турган кезде министрлерди кызматтан алууга же аларга ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө, Конституцияны кайра карап чыгууга, референдум өткөрүүгө укугу болбойт.

 Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер өлкөнүн Конституциясына ылайык, тик учак кырсыгынан каза болгон президент Эбрахим Раисинин милдетин аткарат. Бул тууралуу РИА Новости Ирандын ISNA маалымат агенттигине таянуу менен жазды.

"Биринчи вице-президент Иран Конституциясынын 131-беренесине ылайык, президенттин милдетин өзүнө алат. Мыйзам чыгаруу жана сот бутактарынын жетекчилеринен турган кеңеш жана вице-президент өзү 50 күндүн ичинде жаңы президентти шайлоону уюштурууга тийиш", — деп айтылат маалыматта.

Президенттик шайлоо июнь-июль айларында өтүшү мүмкүн экени белгиленди.

Конституциянын 132-беренесине ылайык, биринчи вице-президент өлкөнү башкарып турган кезде министрлерди кызматтан алып же аларга ишенбөөчүлүк көрсөтө албайт, мындан тышкары, Конституцияны кайра карап чыгууга, референдум өткөрүүгө укугу болбойт.

Ирандын президенти Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка расмий адамдар бара жаткан тик учак 19-майда өлкөнүн түндүк-батышындагы Верзеган аймагына кулап түшкөн. 20-май күнү эртең менен Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури президент жана анын делегациясы тик учак кырсыгынан каза болду деген маалыматты тастыктады. Делегация Азербайжанга болгон сапарынан кийин кайтып келе жаткан. Анда Раиси жана анын азербайжандык кесиптеши Илхам Алиев Гиз Галасы ГЭСинин ачылыш аземине жана чек арадагы Аракс дарыясындагы Худаферин ГЭСин ишке киргизүү аземине катышкан.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости