www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылдын 8-октябрында белгилүү инсан, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов узакка созулган оорудан кийин каза болгон. Султан Жумагулов өзүнүн эмгек жолунда далай жооптуу кызматтарда эмгектенген. Ишин татыктуу алып барган адам болчу.  2017-жылы 3-ноябрда маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган. Мына ошол кызматты аркалап жүргөнүндө биздин арабыздан ажал алып кеткен эле. Жакында анын кызы Айгерим Жумагулова Фейсбуктагы баракчасына атасын сагынган кат жазып, көзгө жаш алдырды. Биз дагы шолоктоп ыйлагыбыз келди... Төмөндө анын текстин толугу менен өзгөртүүсүз келтиребиз.

-Эмнегедир тушумо узулбой кире бересиз. Кээде арканыздан чуркап жоногондо жеткизбей кетип каласыз. Кээде тамашалап отурган болосуз. Кээде бир нерсеге кабатырланып, ойго батып каласыз. Кээде жылмайып карайсыз. Коз карашыныз ошондой эле. Болгону жакын барайын десем жолотпой басып кетесиз.

Жылуу алаканыныз менен мандайымды коп сылачу элениз. Бекем кучактап, ошол жумшак колдорунузду опкулогум келет. Кайра кичинекей кызыныз болуп эркелегим келет. Таарынып, кыялымды коргозгум келет. Жакшы кабар менен уйунузго атакелеп кирип баргым келет.

Балмуздак алсаныз дагы бизди чакыра бермей адатыныз бар эле. Ашканадан чыкпай суйлошуп отурганды жакшы корот элениз. Ошол кечтерди сагындым. Озунузго кофе жасап жатып же компьютерде иштеп отурганда кынылдап ырдаганынызды сагындым. Кыйын кундор башка тушкондо «бул кундор да отуп кетет» деп айткан создорунузду сагындым.

Сиз кеткенден бери кун батып кайра чыкпай калгандай. Жашообуз улана берсе да, кыш, жаз, жай отуп куз келсе да карангы тундон чыга албай келем. Баары бир умутум узулбой, тандын атышын куто берем. Жаркылдап «кызым» деп уйумо кирип келчудой сезиле берет. Убакыт откон сайын женил болот дешкен. Жалган соз окшойт, Ата. Сагына берем... Ыйлай берем... Куто берем...

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости