www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Скобеев камакка алынды. Маалыматта Скобеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин орусиялык жарандарга курал белек кылганы боюнча шектүү катары өтүп жатканын белгилеп жатышат. Ошол себептүү, муну Атамбаевди таптакыр дискредитациялоо аракети катары баалагандар да бар. Скобеев өкмөттүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы, камакка алынган Егор Скобеев ооруканага жаткырылды.
Ал кайсы ишке шектүү катары кармалганы расмий айтыла элек. 2019-жылдын 21-сентябрында Аскер прокуратурасынын прокурору Ботобаевден Скобеевдин кармалышынын мыйзамдуулугун текшерүү жана бөгөт чарасын карап, камакка алуу тууралуу өтүнүч менен кайрылуу түштү. Прокуратуранын бул өтүнүчү толугу менен канааттандырылды. Кармоо негиздүү жана мыйзамдуу деп табылды жана Скобеевге карата 17-ноябрга чейин камакка алуу тууралуу чечим кабыл алынды. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалышы керек. Соттун өкүлү Егор Скобеевге козголгон кылмыш ишинин мазмуну тууралуу эч нерсе айта албасын билдирди. Егор Скобеевдин адвокаты Башир Заидов өзү коргоп жаткан кишиге коюлуп жаткан айыптар тууралуу айта албай турганын билдирип, бирок анын ден соолугу оор экенин кабарлады.
Кылмышты кылышат, бирок жооп берерде ооруп калышат: «Ал кармалган учурда реанимацияга түшүп калды. Азыр ооруканадан аны жалпы палатага чыгарышты. Анын абалы өтө оор. Азыр кенен комментарий бере албайбыз. Калган маалыматтарды мен анын өзү менен кеңешкенден кийин беришим мүмкүн”.
Мунун алдында айрым сайттар Скобеев тергөө менен кызматташууга кол койгонун кабарлашты. Адвокат Заидов муну ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Өкмөттүн сайтындагы маалымат боюнча, Егор Скобеев эмгек жолун 1995-жылы ички иштер органдарында баштаган. 2016-2018-жылдары Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү комитетинде консультант болуп иштеген. 2018-жылдын апрелинен тартып өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы болуп иштеп келет.
Ушул күндөрү күч кызматтарындагы булактарына таянуу менен кабар жазып жаткан басылмалардын айрымдары Скобеев коррупцияга байланыштуу шек менен кармалганын жазышса, башкалары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге ачылган башка кылмыш ишине байланыштуу кармалганын маалымдашты. Тагыраагы Атамбаевдин орусиялык жарандарга курал белек кылганы боюнча шек саналып жатканын билдиришүүдө. Бул иш жөнүндө коомчулукта маалымат көп эмес. Болгону ал Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турган 2011-жылга барып такалат. Ал жөнүндө кабар 2015-жылы орусиялык «Коммерсант» басылмасынан тараган. Аталган сайт ошол жылы Орусияда рейдерликти уюштурууга байланыштуу шек саналып жаткан Мамлекеттик Думанын депутаты Денис Вороненковдун жанынан Glock-19 үлгүсүндөгү тапанча табылганын жазган. Тергөөдө бул тапанча Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тарабынан ошол кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин 2011-жылдын 9-июнундагы буйругунун негизинде депутатка сыйлык катары ыйгарылганы аныкталган. Ушундай эле тапанчалар 50дөй огу менен кошо Орусиядагы ишкер Виталий Качурга жана Федералдык коопсуздук кызматынын мурдагы полковниги Андрей Мурзиковго «Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого кошкон салымы үчүн» деген негизде сыйлык катары ыйгарылган. Орусиянын Тергөө комитети берилген тапанчалардын баасы 150 миң доллар болгонун тактап, курал-жарактардын мыйзамдуулугун иликтеп жатканын жарыялаган. Бул кабар чыккан учурда, мындан төрт жыл мурда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги орусиялык басылмада көрсөтүлгөн жагдайлар иликтенип жатканын билдирген болчу. Бирок анын жыйынтыгы айтылган эмес.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ
NazarNews.kg