www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада иштеп жүрүп, жип үзүлүп 7-кабаттан кулаган мекендешибиз каза болду. Бул тууралуу активист Улан Кошматов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын маалыматына караганда, каза болгон жигиттин аты-жөнү: Бектемир Замирбек уулу, 1996-жылы Жалал-Абаддын Сузак районунда туулган. Бектемир Замирбек уулу Москвада альпинист болуп иштеп жүргөн. 19-сентябрь күнү Москва шаарында көп кабаттуу офистин сыртында иштеп жатып жиби үзүлүп, 7-кабаттан кулап түшкөн. “Тез жардам” менен Москва шаарындагы 1-ооруканага жеткизилген, ооруканада 2 суткага жакын жатып, өзүнө келбей 21-сентябрь күнү бул дүйнө менен кош айтышкан.
Жакындары, жердештери болуп маркумдун сөөгүн узатуу үчүн каражат топтоп, уруксат кагаздарын даярдап, 24-сентябрь маркумдун сөөгүн Москва-Ош багыты боюнча узатышкан.
Булак: "NazarNews.kg"