www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз парламентинин спикери Дастан Жумабеков Нур-Султан шаарында Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын жыйынында орусча “хит” жаратып келгенин баарыбыз уктук, көрдүк.
Хити учурда кыргыз эстрадасынын мейкиндигин жарып, жылдызы жанып турган маалы. Буга таңкалып дагы, ачууланып дагы, күлүп дагы, суроого баткандардын дагы сабы үзүлчүдөй эмес. Айтсак, белгилүү коомдук ишмер, КР Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев суроого батып турган чагы көрүнөт. Ал төрага Дастан Жумагуловдун “речинен” кийин төмөндөгүчө ойго баткан.
-Спикердин Нур-Султанда орусча сүйлөгөнүн катуу талкууга алып жатышат... Менде суроо: ушундай эл аралык, көп тараптуу конференция, симпозиумдарда эмне үчүн биз орусча сүйлөшүбүз керек? Эмне үчүн өзүбүздүн мамлекеттик тилде сүйлөбөйбүз? Бизди ким кыйнап жатат орусча же англисче сүйлөгөнгө? Мүмкүн, биздин жетекчилер эл аралык иш чараларда тек гана кыргыз мамлекеттик тилинде сүйлөөгө милдеттүү деген норманы мамлекеттик тил жөнүндө Мыйзамына дагы бекемдеп киргизип койбойбузбу?
Булак: NazarNews.kg