www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркум Зайырбек Ажыматов дарыгерлерге керээзин айтып кетти

Журналист, акын Зайырбек Ажыматов кечээ, 29-апрелде көз жумду. Маркум 1-майда жерге берилерин акындын тууганы Жеңиш Азимбеков жергиликтүү ЖМКлардын бирине билдирди. 

Анын айтымында, акындын сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

«Зайырбек агабыздын кайтыш болгонун угуп туугандар кеңештик. Эртең Бишкекке жолго чыгабыз. Сөөгүн 1-майда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюуга уруксат берилди. Ал дарыгерлерге керез калтырып, "Мен болбой калдым, мен өлсөм Элмирбектин жанына койсун" деген суранычын айтыптыр», - деди ал.

Ошондой эле Ж.Азимбеков акын 5 бир тууган экенин маалымадады.

«Анын төрт иниси жана бир карындашы бар. Атасынан эрте ажыраган. Атасы Самаган Ажыматов 1980-жылы 28 жашында дүйнөдөн өткөн. Акын анда 4 жашта болгон. Апасы 64 жашта. Учурда ооруп төшөктө жатат. Бирок апасына бул кабар угузулган жок», - деди.

Зайырбек Ажыматов жарык дүйнөгө 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында келген. Калеминен жаралган ырлары «Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) деген аталыш менен жыйнак болуп басылып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости