www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалпы эл тууну алмаштырабыз деген демилгени кабыл албайт. Мындай пикирин NazarNews маалымат агенттигине депутат Марлен Маматалиев билдирди.
—32 жылдан бери тууга көзүбүз көнүп, жүрөгүбүзгө орноп калган. Ошон үчүн жалпы эл тууну алмаштырабыз деген демилгени кабыл албайт. Кымбатчылык болуп турганда мындай маселелер элдин кыжырын келтирет. Ошондуктан мындай маселелерди жашообузду оңдоп алып анан ойлонолу.
Бирок, тууну өзгөртөбүз десек алгач мамлекеттик комиссия түзүлүшү керек. Ага чыгармачыл адамдар, окумуштуулар, тарыхчылар мүчө болуп, өзгөрө турган туу азыркыдан да жакшы деп далилдеп, элди ынандырышы керек. Болбосо, тууну өзгөртүүгө эл макул болбойт”, -деди эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg