www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору Сүйүнбек Усенов баштаган жетекчилер Кара-Көл жана Таш -Көмүр РЭТине жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жетекчилер 2 күндүк иш сапарында Кара-Көл район электр тармактар ишканасынын күз-кышка даярдыгы менен таанышты. Эмгек жамаат менен пикир алышып, кампада электр жабдыктардын запасын карап чыгышты. Ошондой эле 110-6 кВ Кайыңды жана Кара-Суу көмөк чордондун күз-кышка даярдыгын дыкат текшеришти.
Андан соң Таш-Көмүр район электр тармактар ишканасында болушту. Мында "Камбар-Ата" көмөк чордонунан 16000 кВА күч трансформатору келди. Аны Шамалды-Сай 110/35-6 көмөк чордонуна түшүрүп, келерки жылы ишке киргизүү пландалды. Ошондой эле Таш-Көмүр РЭТинде күз-кышка болгон даярдыгы боюнча маалымат алышты.
Жумушчу сапардын жүрүшүндө ЖЭТИнин директору Сүйүнбек Усенов жумуш ыргагында энергетиктерди кемчиликтерди кетирбөөгө чакырды. Керектөөчүлөрдүн муктаждыгын учурунда чечип, эл менен тыгыз иштөөсүн талап кылды.
Булак: NazarNews.kg