www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Красноярск крайынын мурда соттолгон тургуну кызганычтан улам жубайынын апасынын үйүн өрттөп, натыйжада эки аял тең каза болду. Бул тууралуу РФнын Тергөө комитетинин облустук башкы башкармалыгы билдирет.

Анын айтымында, шейшембиге караган түнү облустун түштүгүндөгү Ермаковское айылында турак үйдөн өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүү учурунда 68 жаштагы үй кожойкесинин жана анын 35 жаштагы кызынын жансыз денелери табылган. Бул фактынын негизинде 32 жаштагы жергиликтүү тургунга кылмыш иши козголду. Ал Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгүнүн «а», «г», «е» (жалпы коркунучтуу түрдө, өтө мыкаачылык менен жасалган эки адамды өлтүрүү) пункттарында каралган кылмышты жасаган деп шектелүүдө.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2-октябрь күнү кечинде шектүү менен анын шериги телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда кызганычтан улам чыр чыгып, натыйжада аял апасынын үйүндө түнөгөн.

«Түнкүсүн Ермаковский районунун Ермаковское айылындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан үйдүн кире бериш эшигин жана дубалынын бир бөлүгүн бензин чачып, өрттөп жиберген. Өрттүн кесепетинен эки аял тең каза болгон», - деп айтылат маалыматта.

Шектүү кармалып, баш коргоо чарасын тандоо маселеси чечилүүдө.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал адам мурда соттолгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости