www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Марлен мырза, агрардык саясат боюнча комитеттин жыйынында бажы кызматынын жетекчиси Самат Исабеков жылдын аягына чейин жыйымдар боюнча план аткарылбасын моюнга алды. Буга эмне себеп деп ойлойсуз?
-- Бюджет кабыл алынып жатканда ал жөн эле ойдон, тоодон алынбайт. Ал атайын макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн негизинде гана түзүлөт. Ар бир министрлик, ведомство менен алдын ала макулдашылат. Эгер бүгүнкү күндө план аткарылбай жаткан болсо, демек, ал бажы кызматынын ичинде жумуш тийешелүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүгүнүн натыйжасы болушу мүмкүн. Бул – биринчиси.
Экинчиси – демек, коррупциялык схемалар толук жоюлган эмес. Мурдагы эле схемалар калган деп эсептейм. Көрүп атасыздар, Украинадагы, Казакстандагы окуяларга байланыштуу көп каржылык агымдар бизди көздөй бурулду эле, ошону кармап калып, керек болсо көбөйтүү зарыл болчу. Негизи эле бажы кызматында мүмкүнчүлүк өтө көп. Азыркы бюджетти керек болсо эки эсе көтөргөнгө шарттар бар.
-- Жетекчилик жактан кемчилик кетип жаткан болсо, алардын жоопкерчилиги каралышы керекпи?
-- Албетте. Бизде бюджет маселеси каралганда кайсы бир тармак боюнча план аткарылбаса, сөзсүз жоопкерчилигин кароо боюнча сунуш беребиз.
Булак: Азия News гезити