www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар уюмунун ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланып, биргелешкен долбоорлор жана алдыга коюлган пландар тууралуу сөз болду.

Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан Бириккен Улуттар уюму менен бардык тармактарда тыгыз иш алып барып келе жатканын белгилеп: «Мындан ары да түрдүү багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, калыптанган өнөктөштүктү өрчүтүүгө кызыкдарбыз», – деди.  

Ошондой эле баарлашууда туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында мерчемделген пландар ийгиликтүү ишке ашырылып жатканына токтолгон Төрага: «Аталган багыттагы жетишкендиктерибиз эл аралык коомчулук тарабынан да жогору бааланууда. Ушундай аракеттер дагы улантылып, 2030-жылга чейин алгылыктуу жумуштар жасалат. Бул багытта мамлекет башчыбыз да олуттуу тапшырмаларды коюп, парламент дагы керектүү иштерди алып барууда», – деп кошумчалады. 

Муну менен катар Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин коюп жатканын айткан Төрага эгер колдоого алынса, көптөгөн демилгелерди ишке ашыруу мерчемделгенин сөз кылды. 

Айрыкча Кыргызстан айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык таза технологияларды ишке киргизүү жана жашыл экономиканын үлүшүн жогорулатуу жаатындагы демилгелерге артыкчылык берип жатканын мисал кылган Марлен Маматалиев тоолорду туруктуу өнүктүрүү багытында да көптөгөн долбоорлор бар экенин белгиледи. 

«Андыктан, биз Бириккен Улуттар уюму жана бардык өнөктөш мамлекеттер менен тоолорду туруктуу өнүктүрүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, тоолуу аймактарда табигый кырсыктардын алдын алуу жана тоолуу өлкөлөрдүн тобун системалаштыруу багытында кызматташууга даярбыз», – деди Төрага. 

Өз кезегинде Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве Төрага Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, өзү жетектеген өкүлчүлүк Кыргыз парламенти менен дайыма кызматташууга, айтылган багыттар боюнча тыгыз иш алып барууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Ошону менен катар Бириккен Улуттар уюму туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган Кыргызстандын аракеттерине жогору баасын берип жатканын айтып, азыркы учурда «чемпион» экенин белгилеген Антье Граве аталган багыттагы өнөктөштүктү өрчүтүүгө да өзгөчө көңүл бурушарын кошумчалады. 

Ага ылайык, тараптар байма-бай жолугушуп, маанилүү маселелер боюнча пикир алмашып турууну макулдашты. 

 

Последние новости