www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаардык милициясы мугалимге кол көтөргөн видео боюнча кошумча маалымат берди.
Маалыматка ылайык, 3-апрель күнү интернет тармактарында Ош шаарындагы мектептердин биринде окуучунун энеси тарабынан мугалимге кол көтөргөн фактысы болгондугу тууралуу айтылып, кыскача видео дагы тараган.
Жогорудагы факт боюнча Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет: 2026-жылдын 9-март күнү Ош шаарындагы жеке менчик мектептердин биринин мугалими Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, анда мектепте окуган 1-класстын окуучусунун апасы ургандыгын билдирген.
Ушул эле күнү арыз жазган мугалимдин үстүнөн аталган окуучунун апасы дагы арыз жазып, анда ал 1-класстагы баласын мугалим ургандыгын билдирген.
Учурда бул факт боюнча Ош шаарынын Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен тараптардын кыймыл аракеттерине- тиешелүү укуктук баа берилет.