www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулерди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүү, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу жаатындагы маселелер талкууланды.
Тагыраагы, төрага Марлен Маматалиев ар тараптуу өнөктөштүктү өрчүтүү багытындагы сунуштары менен бөлүшүп: «Айрыкча Жогорку Кеңеш парламенттик демократиянын мекени болгон Улуу Британия менен мыйзам чыгаруу тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдарбыз. Ал үчүн депутаттык достук топторунун ишин жандантып, эки өлкөнүн парламенттеринин Аппараттарынын түз байланышын камсыздообуз кажет», – деди.
Ошону менен катар алакаларды кеңейтүүдө эки тараптуу иш сапарлардын маанилүүлүгүн кошумчалады.
Андан тышкары, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча да сунуштарын айткан Марлен Маматалиев: «Аталган багыттагы өнөктөштүгүбүз келечекке жасалган эң чоң инвестиция экени анык. Биздин жаштардын «Chevening» программасы аркылуу Британияда билим алуусуна түзүлгөн шарттар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ошону менен бирге, англис тилин үйрөтүү боюнча курстарды жана Британиянын алдыңкы окуу жайларынын филиалдарын Кыргызстанда ачуу демилгесин колдоого даярбыз», – деди.
Муну менен бирге Улуу Британияда иштөөнү каалаган кыргызстандыктарга бөлүнгөн квоталар үчүн ыраазычылыгын айткан төрага аталган багыттагы өнөктөштүктү мындан ары да улантуу зарыл экенине токтолду.
Эскерте кетсек, Улуу Британия Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары үчүн 45 миң квота берип, анын 30%ын Кыргызстанга бөлүп келет.
Өз кезегинде Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Николас Боулер Улуу Британия чөлкөмдөгү мамлекеттердин ичинен Кыргызстан менен кызматташтыкка өзгөчө артыкчылык берерин билдирип, соңку жылдары эки тараптуу алакалар жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи.
Мындан сырткары, өлкөдөгү соңку реформаларга, анын ичинен айым депутаттардын саны боюнча көрсөткүчтөргө жогору баасын берген элчи парламенттер аралык тажрыйба алмашуу жаатындагы демилгелери менен бөлүштү.
Тараптар айрым мыйзам актылары боюнча да пикир алмашып, бардык маселе боюнча ачык диалогго даяр экендиктерин билдиришти.