www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2025-жылдын 2-сентябрынан 4-сентябрына чейинки аралыкта үч айдын ичинде 3 даана электр арабасын жана электр лобзигин алып келип берем деген убадага ишенип, 185 миң сом акча берген. Бирок убадаланган шарттар аткарылган эмес.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча каттоого алынып, шектүү катары 1987-жылы туулган Э.Г. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Укук коргоо органдары аталган жарандын аракеттеринен жапа чеккендер же кандайдыр бир маалыматы барлар болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0 (552) 97-98-06 же «102».

Последние новости