www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Агартуу министрлиги ата-эненин мугалимге кол көтөрүүсү боюнча интернетке тараган видео тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет.
Аталган окуя 2026-жылдын 9-мартында Ош шаарындагы “Юниум” жеке менчик мектебинде болгон. Видеодо мугалимге кол көтөргөн ата-эне 1-класста окуган баласын башталгыч класс мугалими Ч.А. ургандыгын жазып, Ош шаардык билим берүү башкармалыгына арыз менен кайрылган.
Башкармалык тарабынан окуя боюнча иликтөө жүргүзүлүп, мектеп директорунан жана мугалимден түшүнүк кат алынган. Анда мугалимдин окуучуну урбагандыгы, сабак учурунда баланын бир нече жолу класстан чыгып кетип, окуу процессине тоскоолдук жаратып, тартипти бузгандыгы жазылган. Ушундан улам мугалим окуучунун коопсуздугун жана сабактын жүрүшүн камсыз кылуу максатында баланы класска алып кирип отургузуп, ата-энесин мектепке чакырткан. Окуянын жүрүшүндө баланын апасы мектепке келип, мугалим менен ортосунда түшүнбөстүк жаралып, мугалимге кол көтөргөн. Бул окуядан соң эки тарап тең укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган.
Агартуу министрлиги педагогикалык кызматкерлердин укуктарын коргоону күчөтүүгө жана алардын кесиптик ишмердүүлүгүн толук кандуу жүргүзүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган мыйзам долбоору иштелип чыккандыгын маалымат иретинде билдирет.
Мыйзам долбоорунда кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда педагогдорго карата урматсыз мамиле жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө өзгөчө басым жасалган. Бул - кемсинтүү, орой мамиле жана башка басым көрсөтүү түрлөрүн, анын ичинде социалдык тармактагы аракеттерди камтыйт.
Мыйзам долбоору мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өтүп, коомдук талкуудан өткөрүлдү. Жакынкы убакта ал Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет. Анын кабыл алынышы мугалимдердин эмгегине болгон урмат-сыйды калыптандырат жана билим берүү процессине кийлигишүүгө жол бербөөгө багытталат.