www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-апрелде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов көмүр өндүрүү тармагынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү.

Иш-чарага ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Кубанычбек Ысабеков жана Нурлан Маманов, «Кыргыз Көмүр» ААКнын башкы директору Рустамбек Сыдыралиев, ошондой эле көмүр казып алуу жана экспорттоо менен алектенген ата мекендик компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар тармакты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. 
Анын ичинде көмүр казып алуу, салык салуу, логистика жана экспорт маселелери каралды. Тармактын өнүгүшүнө тоскоол болуп жаткан көйгөйлөргө жана ачык-айкын, натыйжалуу жөнгө салуу механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Көмүр тармагынын өкүлдөрү колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун сунушташты.

Алар сунушталган чаралар топтолгон көйгөйлөрдү системалуу түрдө жөнгө салууга, ишкердик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана көмүр тармагынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берерин белгилешти.

Салык кызматынын төрагасы катышуучулардын сунуштарын угуп, айтылган маселелерди иштеп чыгуу үчүн тиешелүү бөлүмдөргө конкреттүү тапшырмаларды берди.

Ал бул жолугушуу буга чейин Баткен облусунун салык төлөөчүлөрү менен өткөрүлгөн диалогдун уландысы экенин баса белгиледи. Анда тармактын өкүлдөрү тез арада чечүүнү талап кылган негизги көйгөйлөрдү көтөрүшкөн.

«Бүгүн бизнес коомчулугу иштелип чыккан мыйзам долбоорун сунуштады. Анын кабыл алынышы тармакта тартип орнотууга, адилеттүү жана ачык-айкын иш шарттарын камсыз кылууга, ошондой эле мамлекеттик саясаттын алкагында ишкерлерге реалдуу колдоо көрсөтүүгө өбөлгө түзөт деп ишенебиз», — деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.

Салык кызматынын төрагасы сунушталган өзгөртүүлөр бизнес үчүн да, мамлекет үчүн да маанилүү экенин, анткени алар топтолгон көйгөйлөрдү системалуу чечүүгө жана тармакта туруктуу иш эрежелерин түзүүгө багытталганын билдирди. 

Салык кызматынын төрагасы ошондой эле мамлекеттик органдар менен бизнес коомчулугунун конструктивдүү диалогу жана кызматташуусу мындан ары да экономикадагы башка тармактардагы маселелерди натыйжалуу чечүүгө шарт түзөрүн баса белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында, жакынкы убакытта Мамлекеттик салык кызматы «Кыргыз Көмүр» ААК менен биргеликте сунушталган долбоорду  дыкат карап чыгып, зарыл сунуштарды жана өзгөртүүлөрдү даярдап, андан кийин документ белгиленген процедуралардан өткөн соң  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлөрү жөнүндө макулдашууга жетишилди. 

Жыйындын соңунда катышуучулар көтөрүлгөн маселелер жакын арада чечилет деген ишенимин билдиришип, көмүр өндүрүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдошту.

 

Последние новости