www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө бейбаштыкка шектелгендер кармалганын облустук милициядан билдиришти.

3-апрель күнү социалдык тармактарды мониторинг кылуу учурунда милиция кызматкерлери видео аныкташкан, анда бир жаранга бир нече адам тарабынан кол көтөрүп жатканы чагылдырылган.

Бул факт катталып, териштирүү иштери башталган.

Териштирүү учурунда аныкталгандай, 2026-жылдын 3-апрель күнү болжол менен саат 13:26да Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө Токмок шаардык ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда Чүй облусунун Мээнеткеч айылынын тургуну 1983-жылы туулган, Ж.Н. аттуу жаран, дене жаракаттары менен медициналык жардам алуу үчүн кайрылганы маалымдалган.

Аныкталгандай, Токмок шаарынын №3 микрорайонунун, «Касиет» устаканасынын алдында, Ж.Н. аттуу жаран өзүнө таандык «Volkswagen Passat» үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп турган. Ошол маалда 2001-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран «BMW» үлгүсүндөгү автоунаасы менен келип, туура эмес токтоп, башка унааларга жолтоо кылган. Бир адам туура токтотууну эскертүү бергенде, Ж.М. газ педалын катуу басканда, жээктеги кичинекей таштар унааларга чачырап кеткен.

Бул окуядан улам Ж.Н. менен Ж.М. ортосунда чыр келип чыккан жана отродо мушташ болгон. Ж.М. Ж.Н.-ни таш менен урган, андан кийин Ж.Н. кулап калган соң, колу жана буттарына сокку урулган, натыйжада жабырлануучунун сол колунун чыканагы чыгып кеткен.

Кийинчерээк Ж.Н. туугандарын чакырган — 1996-жылы туулган, А.А., жана 1988-жылы туулган, Ж.С. атту жарандарды. Алар келгенде, Ж.М. кара түстөгү дубинка алып каршылык көрсөтүүгө аракет кылган, бирок Ж.С. дубинканы тартып алып бир нече сокку уруган. Ж.М. жерге кулаганда, А.А. да бир нече жолу бетине сокку урган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Окуяга катышкан бардык жарандар Токмок шаарынын ИИБине жеткирилген.

Кыргыз Республикасынын КЖПКсынын 96-беренесине ылайык 1996-жылы туулган А.А. жана 1988-жылы туулган Ж.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди..

Тергөө иштери уланууда.

Последние новости