www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрага Марлен Маматалиев Чоң-Алай районундагы бир катар социалдык мекемелердин абалынан кабар алып, жергиликтүү эл менен да жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Ош облусундагы иш сапарын Чоң-Алай районунда улантты. Иш сапардын алкагында бир катар социалдык объектилердин абалы менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен да жолугушуу өткөрдү.

Алгач төрага Чоң-Алай айыл аймагынын Кызыл-Эшме айылында жайгашкан Ынакбай уулу Келдибек атындагы орто мектебине барып, билим берүү мекемесинин учурдагы абалы менен таанышты. Жолугушуунун жүрүшүндө мектептин материалдык-техникалык базасы, окуу класстарынын шарттары, мугалимдердин эмгек шарттары жана окуучулар үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди.

Марлен Маматалиев билим берүү тармагын өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, аталган мектептин имараты эскирип, капиталдык оңдоого муктаж экенин билдирди.

Андан соң Жекенди айылында жайгашкан Кыргызстан атындагы орто мектебинин абалынан да кабар алды. Төрага мектеп жамааты менен баарлашып, билим берүү сапатын жогорулатуу, заманбап окуу шарттарын түзүү жана жаш муундардын келечеги үчүн мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чараларга токтолду. Ошондой эле аталган мектеп капиталдык оңдоого жана мектеп эмеректерин жаңылоого муктаж экенин белгилеп, бул багытта колдоо көрсөтүлөрүн айтты.

Ошондой эле акыркы жылдары өлкөдө мугалимдердин айлык маянасы көтөрүлүп, билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканы белгиленди.

Мындан тышкары, Марлен Маматалиев Шибээ айылында жайгашкан Изат Сулайманова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун абалы менен таанышты. Анда балдар үчүн түзүлгөн шарттар, тарбия берүү процесси жана мекеменин материалдык-техникалык базасы тууралуу маалыматтар айтылды.

Төрага мектепке чейинки билим берүү баланын калыптанышындагы эң маанилүү баскычтардын бири экенин белгилеп, бала бакчалардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын билдирди. Ошондой эле имараттын авариялык абалына байланыштуу объектти тиешелүү тизмеге киргизип, жаңы бала бакча куруу чечими кабыл алынды.

Мындан сырткары, мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору бала бакчаны келечекте кеңейтүүгө мүмкүн болгон аймакты жана жер тилкесин көрсөттү.

Иш сапарынын соңунда Дароот-Коргон айылындагы Маданият үйүндө жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүлдү. Анда тургундар тарабынан аймактагы жол, социалдык инфраструктура, билим берүү, саламаттык сактоо, ирригация жана чек арага байланышкан бир катар маселелер көтөрүлдү.

Өз сөзүндө Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев акыркы жылдары өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

“Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен өлкөдө ири инфраструктуралык жана социалдык долбоорлор ишке ашырылып жатат. Аймактарды өнүктүрүү, элдин жашоо шартын жакшыртуу жана билим берүү менен саламаттык сактоо тармактарын колдоо – мамлекеттик саясаттын башкы багыттарынын бири. Чоң-Алай району стратегиялык мааниге ээ аймак болгондуктан, бул жердеги көйгөйлөр дайыма көңүл борборунда болот”, – деди төрага.

Жолугушуунун жыйынтыгында жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн маселелер тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте караларын белгиледи.

Последние новости