www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттарына мыйзам, токтомдорду кабыл алууда бармак изин колдонуу менен гана добуш берүү сунушталды. Бул норма парламенттин жаңы регламентинин долбоорунда камтылган.

Учурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери комитети документти карап жатат. Жыйында депутат Марлен Маматалиев баяндама жасады.

"Бири-биринин ордуна добуш берип жатат деген сөздөн арылуу үчүн бармак изи менен добуш берүү системасын киргизүүнү сунуштайбыз. Бул тез арада эле ишке ашып кетпейт. Бир жылга созулушу мүмкүн, учурда Кореядан грант келип жатат. Аны менен катар ишеним катты жокко чыгарып жатабыз", — деди Маматалиев.

Ошондой эле өзгөчө абал учурунда депутаттарга Zoom аркылуу аралыктан иштөөгө уруксат берүү демилгеленди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары добуш берүү учурунда келбей, жыйынга катышпаган кесиптештеринин ордуна да добуш берип жаткандары социалдык тармактарды желдей тараган. Мындан улам эл өкүлдөрүнө ишенбөөчүлүк жана терс сын-пикирлер айтыла баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости