www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев 8-сентябрда Франциянын Улуттук жыйынынын «Борбордук Азия – Франция» достук тобунун төрайымы Катрин Эрвьё менен жолугушту.
Тараптар Кыргызстан менен Франциянын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарын жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Марлен Маматалиев парламенттик дипломатиянын маанилүүлүгүн белгилеп, тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун байланышын күчөтүүнү, ошондой эле эки тараптуу иш сапарларды жана биргелешкен долбоорлорду көбөйтүүнү сунуштады.
Ошондой эле Кыргызстан менен Франциянын ортосунда түз аба каттамын ачуу жарандардын ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө болору айтылды.
Катрин Эрвьё Франция Кыргызстан менен кызматташтыкты бардык багыттарда өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, экологияны коргоо жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча сунуштарын айтты. Ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өтүшү менен кыргыз тарапты куттуктады.
Жолугушууда француз тилин окутууну күчөтүү, мугалимдердин Францияда тажрыйба алмашуусун уюштуруу жана эки өлкөнүн мектептери ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери да талкууланды.
Марлен Маматалиев айтылган сунуштар эске алынарын жана тиешелүү демилгелерди ишке ашырууга көмөктөшүлөрүн белгиледи.