www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Марлен мырза, ар бир окуучуга планшет сатып берүүнү сунуштап жатасыз. Бул үчүн канча акча керек жана ал кимдин эсебинен каржыланат?

- Аны айткан себебибиз, азыркы жаштарды көрүп атпайбызбы, уюлдук телефондон чыгышпайт. Ошон үчүн сабактарды окутууда заманбап технологияларды пайдалануу өтө маанилүү болууда. Ал планшеттер менен интернетке, сайттарга кирбейт, болгону ар бир сабакты кызыктуу өткөргөнгө шарт түзүлөт эле. Ал эми каражат жагына келсек, бул Акылбек Үсөнбековичтин кыялы болчу. Мен ага эстетип койдум. Негизинен аны грант менен алса болот. Окутууга, билим берүүгө эч бир мамлекет каражат аябайт.

- “Яндекстин” ордуна “KG таксини” уюштуруу идеясын кантип ишке ашырмакчысыздар? Себеби, “Яндекс” рынокту аябай ээлеп албадыбы?

- “Яндекс” негизинен шаарды эле тейлеп жатат. А биз такси Кырызстан боюнча иштесин деген максатты коюп жатабыз. Бизде ар бир шаарда автобекеттер бар, бирок, тилекке каршы, алар жылына болгону 5 млн. сом эле киреше алышат экен. Бул өтө өкүнүчтүү. Эмне кылса болот? Автобекеттерде баардык инфратүзүмдөр түзүлгөн. Бүгүнкү күндө электромобилдерди өнүктүрөлү дейбиз, бирок алардын өнүгүүсү үчүн шарттар түзүлө элек.

Мисалы, электрозаправкалар жок. Аларды ачканга кубаттуулук жетишпейт. Ошол эле учурда автобекеттердин баарында кубаттуулук бар. Демек, биз аларды пайдаланып, автобекеттердин баарында электр заправкаларын уюштурушубуз керек.

Натыйжада, биринчиден акча түшсө, экинчиден, электромобилдердин өнүгүп-өсүүсүнө, эл тарабынан көбүрөөк пайдаланылышына түрткү болот. Электромобилге өткөндөн эл пайда гана табат.

Анткени, электрдин баасы бензинге салыштырмалуу кыйла арзан. Мисалы, көлгө барыш үчүн болгону 200 сомдук заряд кетет. Бул транспорттун өтө арзан түрү болот! Анан ошонун алкагында биз таксилерди уюштурсак болот. “Яндекс” деле Кыргызстанга келип машина сатып алган жок.

Ал болгону мобилдик тиркемени ачып, дүйнөлүк бренд компания болгондуктан, жакшы рекламалап, рынокту алып койду. Бирок, региондорго жүрбөйт. Ошондуктан, биз региондордон баштасак, бул жүргүнчүлөр үчүн да ыңгайлуу система болмок. Анан экинчи этап менен электромоблдерди алып келе баштообуз зарыл. Бул жерге акчанын кереги жок, инвесторлор келгенге даяр. Болгону биз аларга кепилдик беришибиз керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости