www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында каракчылык фактысы боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын тургуну «Д.Ы. аттуу чала таанышы жана «Ж», «Б» аттуу эки жигитке жана бир белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, 23-июнь күнү үйүнүн жанынан жогорудагы үч жигит унаага салып, бычак менен коркутуп, 1180 долларлык iPhone 12 Pro Max үлгүсүндөгү телефонун күч менен тартып алып, андан соң изин жашырып кетишкен.

Бул факты Свердлов районунун ИИБнин журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207 (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 25 жаштагы «С.Г.», 20 жаштагы «А.Б.» жана 18 жаштагы "И.Ж" аттуу жарандар кармалган.

Кылмышка шектүүлөр тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости