www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Казакстан Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Марлен Маматалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, кыргыз тарап Казакстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдой турганын белгиледи.
Ошондой эле акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы байланыштар активдүү өнүгүп, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар туруктуу өткөрүлүп жатканын айтып, жетишилген макулдашуулар эки тараптуу кызматташтыкты дагы да бекемдей турганына ишеним билдирди.
Төрага парламенттик дипломатия мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү куралы экенин белгилеп, бул багытта биргелешкен иш-чаралар ийгиликтүү уюштурулуп жатканын кошумчалады.
Мындан тышкары, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Астана шаарындагы көчөлөрдүн бирине көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушун айтты.
Өз кезегинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Марлен Маматалиевдин алгачкы расмий сапары эки өлкөнүн кызматташтыгына жаңы дем берерине ишеним билдирди.
«Кыргызстан биз үчүн жакын коңшу, бир тууган мамлекет жана ишенимдүү өнөктөш өлкө», — деген Токаев Кыргызстандын экономикасындагы оң өзгөрүүлөрдү белгилеп, өлкөнүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы Борбор Азия үчүн маанилүү окуя болгонун айтты.
Жолугушуунун соңунда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды мыйзамдык жактан камсыздоо жана стратегиялык өнөктөштүк менен союздаштык мамилелерди чыңдоо боюнча пикир алмашып, өз ара кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.