www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык прокуратурасы №24 жалпы билим берүү мектебинде окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз түрдө акча чогултуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
Прокуратурадан билдиришкендей, текшерүү Кыргыз Республикасынын Президентинин «Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө алкагында жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мектептин жооптуу кызматкерлери окуу жайын оңдоп-түзөө иштерине деп ата-энелерден мыйзамсыз акча каражатын чогултуп келгендиги аныкталган. Жалпы чогултулган сумма 1 миллион 131 миң 450 сомду түзгөн.
Ошондой эле акча каражаттарынын бир бөлүгү билим берүү мекемесинин кызматкерлеринин биринин жашаган жеринде сакталгандыгы белгилүү болгон.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.