www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев бүгүн, 1-майда Ош облусуна иш сапары менен барды.
Алгач Өзгөн шаарындагы борбордук спорт комплексте өткөн салттуу спорттук мелдештин ачылыш аземине катышты.
Белгилей кетсек Өзгөндүн борбордук стадиону өткөн жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, белгилүү коомдук ишмер, залкар жетекчи Зулпукар Ормоновдун ысымы берилген. Аталган спорттук комплексте депутат Улугбек Ормоновдун демилгеси менен 20 жылдан бери спорттук мелдештер өткөрүлүп келет.
Салттуу турнирге быйыл да Өзгөндөгү 13 айыл аймактан командалар катышып, футбол, волейбол, шахмат, кол күрөш, таяк тартыш, ордо, бильярд сыяктуу спорт түрлөрүнөн күч сынашат, ошондой эле иш-чарада төкмө акындар, эстрада ырчыларынын концерттик программасы менен коштолду.
Төрага майрамга карата куттуктоо сөз сүйлөп, күчтүү мамлекетти эмгекчил эл, мээнеткеч жарандар жаратат деп баса белгиледи.
«Биринчи май күнү жөн эле эмгек майрамы эмес. Бул күн көптөр үчүн жеке жагымдуу эскерүүлөрдүн, үй-бүлөлүк тарых жөнүндө ой жүгүртүүнүн, ата-энелерге, улууларга урмат көрсөтүүнүн күнү, өзүнүн ак эмгеги менен, адал жашоосу менен бизге үлгү болгон инсандарга ыраазычылык билдире турган күн. Күчтүү, ийгиликтүү мамлекет эмнеден башталат? Жөнөкөй, ошол эле учурда татаал ушул суроонун тегерегинде ой жүгүртүп каламын. Менин түшүнгөнүм - күчтүү мамлекет чоң кызматтагы адамдардын кабинетинен башталбайт. Күчтүү мамлекет күн сайын өз ишин так аткарган, маңдай тери менен мээнет кылган, эмгектенген карапайым адамдардан башталат. Биздин Кыргызстаныбыздын чыныгы пайдубалы, чыныгы өзөгү - дал ошол эмгек»,- деди Төрага Марлен Маматалиев.
Өз сөзүндө Төрага соңку беш жылда мамлекет башчы Садыр Жапаровдун талыкпаган аракетинин аркасында жүргүзүлгөн ири реформалар, экономикалык өсүштөр, жетишкен ийгиликтер тууралуу да айтып өттү.
«2020-2025-жылдардын аралыгында ички дүң өндүрүмдүн көлөмү үч эседен да ашты. Натыйжада ири шаарларда гана эмес, аймактарда да социалдык-инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып, мектептер, бала бакчалар, ооруканалар жана ушундай спорттук жайлар жаңыланууда», -деп бегиледи Марлен Маматалиев.
Мындан тышкары Төрага Марлен Маматалиев болгон иш сапарында аймактагы мектептердин курулушу менен жеринен таанышты.
Төрага алгач Өзгөн районундагы Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кырман айылындагы №43 И.Базаркулов атындагы 275 орундуу мектептин курулуш иштери менен жеринен таанышты.
Андан соң Төрага Марлен Маматалиев Жазы айыл аймагынын Кызыл-Дыйкан айылындагы № 1 Ж. Абдурасулов атындагы орто мектебинин абалын көрдү. Анда 1976-жылы курулган мектептин ичи капиталдык ремонттон өтпөгөнү айтылды.
Муну менен катар Төрага 120 орунга эсептелген бала бакчанын долбоору менен таанышты. Төрага Марлен Маматалиев айтылган көйгөйлөр көзөмөлгө алынарын билдирди.
Айыл тургундары жана мектеп жамааты менен баарлашууда Төрага билим уяларынан өлкөнүн желегин дүйнөгө желбиреткен келечеги кең муун тарбияланып чыгышын каалап, мектептерге белектердин сертификаттарын тапшырды.
Белгилей кетсек, иш-чараларга Төрага Марлен Маматалиев менен бирге депутаттар Улугбек Ормонов, Суйунбек Омурзаков, Гүлнара Баатырова, Данияр Толонов, Жылдыз Эгенбердиева, Азамжан Джалилов, Жогору Кеңештин мурдагы төрагалары, депутаттары катышты. Ошондой эле Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев ж.б. тиешелүү министрлик, мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү коштоду.