www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жыйынынын ачып жатып Төрага Марлен Маматалиев жалпы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады. 

Төрага кыргыз эли үчүн ак калпактын мааниси чоң экенин белгилеп: “Калпагыбыз башыбыздан түшпөй, улуттук маданиятыбыз, руханий баалуулуктарыбыз урпактан-урпакка улана берсин”, – деген тилегин билдирди. 

Ошондой эле келе жаткан 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата да куттуктоо сөзүн айткан Марлен Маматалиев: “Энелерибиздин мээрими, айымдарыбыздын акылмандыгы жана сабырдуулугу ар бир үй-бүлөгө жылуулук тартуулайт. Айрыкча эне деген үч тамгадан турган сөз өзүнө чоң маани камтыйт”, – деди.

Муну менен катар айымдар мамлекеттин ар тармагында жигердүү эмгектенип, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө өзгөчө салымдарын кошуп жатканына токтолгон Төрага парламенттеги айым депутаттар да мыйзам чыгаруу жаатында активдүү иш алып барып жатканын белгиледи. 

“Өзүңүздөр жакшы билгендей, Президентибиз Садыр Нургожоевич жакында эле мамлекеттик башкаруу системасында гендердик квоталоо механизмин киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Ага ылайык, кадрдык резервде бир жыныстагы өкүлдөрдүн саны 70 пайыздан ашпоого тийиш. Бул да болсо айымдарга болгон колдоо десек болот. Элибизде бекеринен “Бейиш эненин таманында”, “Кыздын кырк чачы улуу” – деп айтылбайт. Бабаларыбыз ушундайча аялзатын аздектеп, аларга урмат көрсөтүшкөн. Биз да ушул салтты улантып, мындан ары да айымдарды колдоого багытталган саясатты өнүктүрүшүбүз керек”,– деди Марлен Маматалиев. 

Последние новости