www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын айыл чарба тармагында экспорт жана эл аралык кызматташтыкта ийгиликтер катталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкөдөн төмөнкү айыл чарба продукциялары экспорттолду:

Орусияга – 40 тонна беде үрөнү жөнөтүлдү.

Жапонияга – «Лагенария» ашкабак үрөнү 1500 тонна көлөмүндө экспорт кылынды.

Кытайга – кургатылган өрүктүн алгачкы 23 тоннасы чыгарылды.

Өзбекстанга – «Октябрьская 70» жүгөрү гибриди сыноо үчүн жөнөтүлдү.

Министрлик билдиргендей, бул иштер Кыргызстан айыл чарбасын эл аралык рыноктордо таанытуу, сапаттуу продукцияны экспорттоо жана фермерлерге кошумча киреше алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, министрлик экспортту кеңейтүү жана эл аралык кызматташтыкты күчөтүү боюнча долбоорлорду улантууну пландоодо.

Бул багыттагы аракеттер жергиликтүү өндүрүштү колдоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн маанилүү деп бааланууда.
 

Последние новости