www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Уркуя Салиевага арналган көргөзмө ачылат

6-мартта М.В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде “Уркуя Салиева — кайраттуулуктун жана эркиндиктин символу” аттуу көргөзмө ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмө көрүнүктүү коомдук ишмер Уркуя Салиеванын өмүрү жана коомдук ишмердүүлүгүнө арналат.

Анда архивдик сүрөт, документтер жана “Отко таазим” көркөм тасмасы аркылуу Уркуя Салиеванын тарыхтагы орду жана коомдогу тең укуктуулук үчүн күрөшү чагылдырылат.

Иш-чара кыргыз коомунун өнүгүшүндө аялдардын ролун даңазалоого багытталган.

Последние новости