www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
28-февралда АКШ жана Израиль Иранга каршы баштаган аскердик операциялар өз таасирин аскердик гана эмес, экономикалык жактан да көрсөтө баштады.
Report агенттиги Haber Global басылмасына шилтеме берип билдиргендей, адистердин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, операциянын алгачкы 24 саатында колдонулган ок-дарыларга, истребителдердин учууларына жана күчтөрдү аймакка жайгаштырууга миллиарддаган доллар сарпталган.
Маалыматка ылайык, Иранга каршы аскердик операциянын алгачкы 24 саатында АКШ армиясы болжол менен 779 миллион доллар чыгымдаган.
Мындан тышкары, аймакка учактарды жана ондогон аскердик кемелерди жайгаштыруу үчүн дагы 630 миллион доллар сарпталган. Аймактагы ар бир авианосецтик сокку берүүчү топтун күнүмдүк эксплуатациялык чыгымы болжол менен 6,5 миллион долларды түзөт. Операция башталгандан берки жалпы чыгым 2 276 000 доллар тегерегинде деп бааланууда.
Ошондой эле согуштун бир сааттык чыгымы 9,16 миллион доллар, ал эми бир күндүк чыгымы болжол менен 220 миллион доллар экени белгиленди.
Ал эми The Atlantic гезитинин журналисти Нэнси Юссеф АКШ Конгрессиндеги булакка таянып билдирүүсүнө ылайык, АКШ Иранга каршы аскердик операцияга күн сайын бюджеттен 1 миллиард доллар сарптап жатат.