www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайына жана кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:

Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-265-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайында, Ала-Бел ашуусунда;

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алакуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;

Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда;

Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында;

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарындагы Долон ашуусунда;

Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201-205, 260-290 жана 326-349-чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусунда;

Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 

 

Последние новости