www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Казакстан Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулу Мухтар Ахат уулу менен жолугушуп, эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү боюнча кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Ош шаары менен Казакстандын Шымкент жана Тараз шаарларынын ортосунда түзүлгөн боордоштук мамилелер жөнүндө келишимдердин негизинде иштелип чыккан программанын алкагында мерчемделген спорттук иш-чараларды уюштуруу, билим берүү жана башка тармактар боюнча кызматташтыкты бекемдөө сунуштары айтылды.
Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер достукка, өз ара ишенимге, стратегиялык өнөктөштүккө негизделгендиги белгиленип, буга чейин калыптанган жакшы салттарды, жетишилген макулдашууларды улантуу жана тереңдетүү милдеттери коюлду.